АЛМАЗБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВ ЖАЛПЫГА МААЛЫМДОО КАРАЖАТТАРЫНЫН ӨКҮЛДӨРҮН КУТТУКТАДЫ

  • 07.11.2020
  • 0

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү!

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын Маалымат жана басма сөз күнү менен чын дилимден куттуктаймын.

Азыркы мезгилде биздин турмушубузду маалымат каражаттарысыз элестетүү мүмкүн эмес. Жалпыга маалымдоо каражаттары адамдарга, коомго жана мамлекетке маанилүү жана тарыхый чечимдерди кабыл алууда зор таасир берет. Силердин ролуңар коомчулукта маңыздуу жана маанилүү!

Жалпыга маалымдоо каражаттарындагы маалыматтардын туура жана бейтараптыгы ата-мекендик журналистиканын визиттик карточкасы болуп саналат. Өлкөбүздүн келечеги болгон балдарыбызга, келечек муунду тарбиялап жаткан биздин мугалимдерге жана жалпы жарандарыбызга маалыматтарды жеткирүүдө Сиздердин бизге көрсөтүп жаткан колдооңуздарды баса белгилеп кетким келет.

Сиздерге жана үй-бүлөңүздөргө ден-соолук, бакыт жана бакубатчылык каалаймын!

Урматтоо менен, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри А. Б. Бейшеналиев

 

Бөлүшүү

Комментарийлер