АЛМАЗБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВ ШКУГА МҮЧӨ-МАМЛЕКЕТТЕРДИН VI КЕҢЕШМЕСИНЕ КАТЫШУУДА

  • 08.04.2022
  • 0

Бүгүн, 8-апрелде, Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Ташкент шаарында өзбек тараптын төрагалыгы астында гибриддик форматта өтүп жаткан Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө-мамлекеттердин илим жана техника министрлеринин жана ведомстволорунун жетекчилеринин VI кеңешмесине катышып жатат.

Кеңешмеге Индия, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстандын министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилери, ошондой эле ШКУнун башкы катчысы Чжан Мин да катышууда.

АЛМАЗБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВ ШКУГА МҮЧӨ-МАМЛЕКЕТТЕРДИН VI КЕҢЕШМЕСИНЕ КАТЫШУУДА

Кеңешменин жүрүшүндө тараптар ШКУга мүчө-мамлекеттердин илим жана техника жаатында өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелерин карап чыгып, талкуулашат, жыйынтык чыгарышат жана ШКУга мүчө-мамлекеттердеги илимий-техникалык өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча пикир алмашышат.

Министр А. Бейшеналиев Кыргыз Республикасындагы илим, техника жана инновациянын абалы жана өнүгүү тенденциялары тууралуу кыскача айтып өттү, ошондой эле замандын талаптарына жооп бере турган өлкөнүн илимий-техникалык өнүгүүсүнүн жаңы моделин түзүү үчүн багыттарды белгиледи.

Кеңешменин жыйынтыгында делегациялардын башчылары 2022-2025-жылга ШКУга мүчө-мамлекеттердин ортосундагы артыкчылыктуу багыттардагы илимий-техникалык кызматташтык боюнча иш-аракеттер планынын долбоорун жактырып, ШКУнун алкагында биргелешкен көп тараптуу илимий-изилдөө долбоорлорун жана инновациялык долбоорлорду ишке ашыруу механизмин бекитишти.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер