БЕЙШЕНАЛИЕВ: “PISAГА ДАЯРДАНУУ ЭЛ АРАЛЫК СЫНАКТАН ӨТҮҮ, ӨЗҮБҮЗДҮН ОРДУБУЗДУ КӨРҮҮ ЭМЕС”

  • 24.03.2021
  • 0

PISAга даярдануу эл аралыктан сынактан өтүү, өзүбүздүн ордубузду көрүү эмес. Биз ага даярдануу менен билим берүү тармагындагы көйгөйлөрдү чечип кетүүбүз керек. Башкача айтканда концептуалдуу реформа жасаш үчүн жакшы рычаг. Бул тууралуу “Марал” радиосунун түз эфиринде берген маегинде билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев билдирди.

-Министр болуп келгенден бир айдан кийин PISAга даярдануу боюнча алкактуу иш-чаралардын картасын иштеп чыкканбыз. Биз PISAнын шылтоосу менен билим берүүдө бир топ маселелерди чечип алышыбыз зарыл. Натыйжада PISAдагы деңгээлибизди дагы көрөбүз. Быйыл 4-төртүнчү класста окуп жаткан балдар, 2025-жылы сынакка кирет. Ал учурда бул балдар 9-класска жеткен болот. Алар эл аралык сынакка негизги үч багытта катышат. 2025-жылдан тарта табигый илимдер багытына басым жасалат, — деди министр Бейшеналиев.

Мындан сырткары PISA эл аралык сынактын негизинде билим берүүдөгү өзгөрүүлөр менен биргеликте башка дагы сынактарга даярдануучу база түзүлүп жатканын белгиледи.

Бөлүшүү

Комментарийлер