АЛМАЗБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВ КЕМБРИДЖ УНИВЕРСИТЕТИНИН УЛУК КЕҢЕШЧИСИ МЕНЕН ОНЛАЙН ЖОЛУГУШУУ ӨТКӨРДҮ

  • 05.03.2021
  • 0

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин Кембридж университетинин билим берүү боюнча улук кеңешчиси Стив Кинг менен онлайн жолугушуусу болуп өттү.

Тараптар Кыргыз Республикасынын учурдагы билим берүү тутумун талкуулашты. Анын ичинде Дүйнөлүк Банк жана Азия Өнүктүрүү Банкы тарабынан Кыргыз Республикасында ишке ашырылып жаткан билим берүү долбоорлору, ошондой эле коңшу өлкөлөрдөгү Кембридж Университетинин ишмердүүлүгү жана аталган университеттин Кыргыз Республикасында иштөөгө даяр экендиги талкууланды.

АЛМАЗБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВ КЕМБРИДЖ УНИВЕРСИТЕТИНИН УЛУК КЕҢЕШЧИСИ МЕНЕН ОНЛАЙН  ЖОЛУГУШУУ ӨТКӨРДҮ

Стив Кинг Кыргыз Республикасында билим берүүнүн сапатын баалоо жаатында кызматташууну жана министрликке кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө кеңири маалымат жөнөтүүнү сунуштады.

Алмазбек Бейшеналиев Кыргыз Республикасынын билим берүү системасына болгон кызыгуу үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргыз Республикасында билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган демилгени кубаттады.

Жолугушуунун жыйынтыгында, тараптар Кембридж университети тарабынан студенттерге сертификат берүүнү киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү макулдашышты.

 

КР ББИМдин басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер