АЛМАЗБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВ: “БУЛ КОНКУРС БААРЫНА АЧЫК БОЛОТ. АР БИР ЖАРАН ОНЛАЙН КӨЗ САЛЫП ТУРА АЛАТ”

  • 13.07.2022
  • 0

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандап алуу таза жана ачык-айкын өткөрүүнүн бекем чаралары көрүлө турганын билдирди.

“Мектеп директорлорун дайындоонун жаңы механизми кыйла жөнөкөй, ачык-айкын жана коррупцияга каршы күрөштүн негизи болгон адам факторун жокко чыгарат. Жаңы механизмдин биринчи айырмалоочу өзгөчөлүгү директорлук кызматка талапкер, сынакка катышуу үчүн документтердин пакетин КР БИМ сайтына өз алдынча жүктөөсүндө.

Экинчи өзгөчөлүгү — толугу менен автоматташтырылган тестирлөө болуп саналат. Аудиториялар, онлайн режиминде чагылдырып бере ала турган видеокөзөмөл аппараттары менен жабдылып, тестирлөөнүн жыйынтыгы талапкерлерге заматта чыгарылат.

Тесттер башкаруучулук менеджмент, педагогика, психология, колдонуучу деңгээлинде IT-технологиялар, конфликттерди чечүү жана билим берүү тармагындагы ченемдик укуктук актылар сыяктуу темаларды камтыйт. Мындан ары мектеп жетекчилигин дайындоодо ачыктыкты камсыз кылабыз”, — деди министр.

Шейшембиде мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук негизде тандап коюу жөнүндө президент Садыр Жапаровдун жарлыгы жарыяланды. Ага ылайык, беш жылдан ашык иштеген директорлор автоматтык түрдө кызматтан бошоп, алардын ордуна жаңы жетекчилер конкурстук негизде тандалып келүүгө тийиш.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер