АЛМАЗБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВ: “ӨЛКӨДӨ РУХАНИЙ ТҮШҮНҮГҮ БАЙ АДАМДАР КӨП ЖАШАСА, КООМДО МЫКТЫ ЧЫГАРМАЛАР ЖАРАЛАТ”

  • 23.04.2021
  • 0

Бүгүн, 23-апрель бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев борбордогу көзү азиз жана начар көргөн балдардын атайын жалпы билим берүүчү мектеп-интернатына барды.

АЛМАЗБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВ: “ӨЛКӨДӨ РУХАНИЙ ТҮШҮНҮГҮ БАЙ АДАМДАР КӨП ЖАШАСА, КООМДО МЫКТЫ ЧЫГАРМАЛАР ЖАРАЛАТ”

Министр мектеп-интернатта окуган балдар менен таанышып, таттууларды тапшырып, аларга Жылдыз Керимованын “Таттуу алма” жомогун окуп берди.

“Китепти бир эле окуп койбой, кызыккандар китеп дагы жазгыла. Бир коомдо канчалык китеп көп болсо, руханий түшүнүгү бай адамдар көп жашаса, ал коомдо мыкты чыгармалар жаралат. Китепти көп окуган бала дүйнө таанымы кенен, билимдүү адам болуп өсүп чоңоёт”, — деди министр Бейшеналиев.

АЛМАЗБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВ: “ӨЛКӨДӨ РУХАНИЙ ТҮШҮНҮГҮ БАЙ АДАМДАР КӨП ЖАШАСА, КООМДО МЫКТЫ ЧЫГАРМАЛАР ЖАРАЛАТ”

Мындан сырткары министр Бейшеналиев Россияга болгон иш сапарында Брайль окуусун кыргыз тилинде китеп кылып чыгаруу боюнча макулдашуу болгонун айтты.

АЛМАЗБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВ: “ӨЛКӨДӨ РУХАНИЙ ТҮШҮНҮГҮ БАЙ АДАМДАР КӨП ЖАШАСА, КООМДО МЫКТЫ ЧЫГАРМАЛАР ЖАРАЛАТ”

“Кыргыз тилинде Брайль шрифти менен жазылган китептер жетишсиз болгондуктан, министрликтин планында мындай китептерди көбөйтүү зарылчылыгы бар. Жакында эле Россияга болгон иш сапарда ушул боюнча келишимдерди макулдаштык. Мындан ары үн менен жазылган китептер Брайль түрүндө кыргыз тилинде китеп болуп чыга баштайт”, — деп билдирди  ал.

АЛМАЗБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВ: “ӨЛКӨДӨ РУХАНИЙ ТҮШҮНҮГҮ БАЙ АДАМДАР КӨП ЖАШАСА, КООМДО МЫКТЫ ЧЫГАРМАЛАР ЖАРАЛАТ”

Ошондой эле министр аталган мектеп-интернатка ноутбук жана китептерди тапшырып жатып, Брайль шрифтиндеги “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпосунун үчилтиги менен камсыз кылууга убада берди.

Бөлүшүү

Комментарийлер