АЛМАЗБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВ: “БАРДЫК КҮЧ ЖЕТКИЛИКТҮҮЛҮК, САПАТ, ЭФФЕКТИВДҮҮ БАШКАРУУ ЖАНА КАРЖЫЛООГО БАГЫТТАЛАТ”

  • 25.02.2022
  • 0

2022-жылы билим берүү тармагы өткөн жылы кабыл алынган негизги стратегиялык программаларды: Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасын жана Билим берүүнү өнүктүрүү программасын ишке ашырууну улантат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев министрликтин коллегиясында билдирди.

АЛМАЗБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВ: “БАРДЫК КҮЧ ЖЕТКИЛИКТҮҮЛҮК, САПАТ, ЭФФЕКТИВДҮҮ БАШКАРУУ ЖАНА КАРЖЫЛООГО БАГЫТТАЛАТ”

Бардык күч-аракет негизги артыкчылыктарга: жеткиликтүүлүк, сапат, эффективдүү башкаруу жана каржылоого багытталышы керектигин айткан министр ириде быйыл билим берүү системасындагы кызматкерлердин эмгек акысы жогорулап, бир катар реформалар ишке ашырылаарын белгиледи.

  • 2022-жылы биз инклюзивдик билим берүү, коопсуз жана натыйжалуу окутуу чөйрөсү аркылуу адилеттүү, тең укуктуу билим берүү, санариптештирүү, мугалимдердин квалификациясын үзгүлтүксүз жогорулатуу, билим берүүнүн натыйжаларын баалоо, окуу-методикалык материалдар аркылуу билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, билим берүү мекемелеринин автономиясы, аккредитациялоо жана лицензиялоо, стратегиялык пландаштыруу, мониторинг жана баалоо, Билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасы аркылуу натыйжалуу башкаруу жана каржылоо жаатында иш алып барабыз, — деди министр өз сөзүндө.

АЛМАЗБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВ: “БАРДЫК КҮЧ ЖЕТКИЛИКТҮҮЛҮК, САПАТ, ЭФФЕКТИВДҮҮ БАШКАРУУ ЖАНА КАРЖЫЛООГО БАГЫТТАЛАТ”

Коллегияга катышкан Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов  билим берүү тармагы кескин өзгөрүүлөргө муктаж экендигин айтып, агартуучуларды алдыда жасала турган реформаларды колдоп берүүгө чакырды. Ал мындан ары тартип да, талап да катуу болоорун эскертип, талапка жараша өзгөрө албагандарга жетекчилик кызматтарда орун жок экендигин баса белгиледи. Эң башкысы мындан ары мугалимдердин укугун коргоо боюнча олуттуу иштер жасаларына токтолду.

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер