АЛМАЗБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВ БАЭ БИЛИМ БЕРҮҮ МИНИСТРИ МЕНЕН ЖОЛУКТУ
- 15.02.2021
- 0
13-февралда Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев менен Бириккен Араб Эмираттарынын Билим берүү министри Хусейн Ибрахим Аль-Хамадинин жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушууда Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын билим берүүдөгү кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды.
- Кыргыз Республикасында биргелешкен кыргыз-араб илимий-изилдөө борборун куруу.
- Студенттерге БАЭнин ЖОЖдорунда стипендиялык программалар аркылуу окуу үчүн квоталарды бөлүү.
Ошондой эле буга чейин түзүлгөн жумушчу топтордун алкагында эки министрликтин кызматташытыгын улантуу тууралуу маек болду.
Бөлүшүү
Комментарийлер