АЛЛО, БИЗ БАЙЛАНЫШТАБЫЗ!

  • 24.04.2020
  • 0

Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн адистери “Ыкчам байланыш” линиясын түзүшүп, ата-энелердин суроолоруна жооп беришүүдө.

Өлкөбүздөгү өзгөчө кырдаал шартында окуучуларды аралыктан окутуп жаткан мугалимдердин, балдарына үйдөн жардам берип жатышкан ата-энелердин күчү менен бардык мектептерде окуу процесси үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатат. Аралыктан окутуу ыкмасы чукул кирип калгандыгына байланыштуу оош-кыйыштар орун албай койгон жок. Ал ортодо мугалимдер окуучулары менен эле эмес, алардын ата-энелери менен да түз байланышка чыгышып, маселелерди жеринде чечип жатышат. Мына ушундай чукул байланыш линиясын түзүшкөн Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн адистери айрым ата-энелерге педагогикалык көмөк менен кошо, психологиялык жактан да колдоо көрсөтүүгө туура келип жатканын белгилешүүдө.АЛЛО, БИЗ БАЙЛАНЫШТАБЫЗ!

—    Азыркы кырдаалда аралыктан окуп жатышкан балдар үйлөрүндө ата-энелеринин жана башка жакындарынын жардамына муктаж болуп жатышканы талашсыз. Мурда-жарым бала окутпаган ата-энелердин абалын биз да жакшы түшүнөбүз. Ушундай кырдаалда балдарын үйдөн окутуп жатышкан ата-энелерге кеп-кеңеш берип, аларды кошо окутуп жатабыз десем аша чапкандык болбос.

Биз ыкчам байланыш кызматы түзүлгөнүн ар бир мектеп жамаатына, ата-энелерге билдирдик. Андыктан ата-энелерди түйшөлткөн суроолорго биздин методисттер жана психологдор жооп берүүгө даяр,-дейт Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Айнагуль Тулебаева.

АЛЛО, БИЗ БАЙЛАНЫШТАБЫЗ!

Анын маалыматы боюнча, учурда адистер ата-энелердин жүзгө чукул суроолорун кабыл алышып, тиешелүү жоопторун узатышты. Айрыкча, методисттер А.Шопокова, А.Исхаков, А.Насиповалар ыкчам байланыштын ишине жигердүү катышып жатышат. “Ата-энелерден түшкөн суроолор негизинен сабак жүгүртмөлөрү, телесабактардын жадыбалы, үй шартында сабак даярдоодогу кыйынчылыктар, үй тапшырмалардыно көлөмү ж.б. байланыштуу болууда”- деп кошумчалады, Айнагүл Абдрашитовна бизге берген маалыматында.

 

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер