АЛГОРИТМ. ЖОЖДОРДОГУ ОКУУ ПРОЦЕССИ ГИБРИДДҮҮ (АРАЛАШ) ФОРМАТТА УЮШТУРУЛАТ

  • 15.01.2021
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги 2020-2021-окуу жылынын жазгы семестринде жогорку окуу жайлардагы окуу процессин гибриддүү (аралаш) форматта уюштуруу алгоритмин жарыялайт.

Бул алгоритм жогорку жана орто кесиптик окуу жайларында (ЖОЖ, КООЖ) аралыктан окутуу (онлайн) процессинен реалдуу режимдеги (офлайн) салттуу окутуу процессине өтүү учурунда коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы алдын алуу боюнча сунуштарды белгилейт.

  1. Окуу процессин уюштуруу:
  2. Толугу менен салттуу форматтагы (офлайн) окутууну уюштурууга төмөнкүлөр үчүн уруксат берилет:

— даярдоонун бардык багыттары жана адистиктери боюнча бүтүрүүчү курстардын студенттери/ магистранттары;

— медициналык адистиктердин студенттери.

  1. Даярдоонун багыттары жана адистиктери боюнча кенже курстардын студенттери (бүтүрүүчү курстан жана медициналык адистиктерден тышкары) үчүн окутуу процесси төмөнкү алгоритмди сактоо менен аралаш окутуу форматы колдонулуп уюштурулат:

— окутуу планынын бардык циклдериндеги дисциплиналар боюнча лекциялык сабактар аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу менен алыстан окутуу режиминде өткөрүлөт;

— бакалаврларды жана адистерди даярдоо багыттары боюнча “Гуманитардык жана социалдык-экономикалык циклдин”, магистрлерди даярдоо багыты боюнча “Жалпы илимий циклдин” дисциплиналары боюнча студенттердин практикалык сабактары аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу менен алыстан окутуу режиминде өткөрүлөт;

— атайын окутуу-методикалык материалдарды, жабдууларды жана шаймандарды колдонуу менен контакттуу окутуу талап кылынбаган “Математика жана табигый илимдер циклинин” дисциплиналары боюнча практикалык жана лабораториялык сабактар алыстан окутуу режиминде өткөрүлөт, ал эми контакттык окутуу талап кылынган учурда салттуу форматта өткөрүлөт;

— “Кесиптик циклдин” дисциплиналары боюнча практикалык жана лабораториялык сабактар жана окутуу планында каралган практиканын бардык түрлөрү ЖОЖдордун жана КООЖдордун тандоосу боюнча алыстан окутуу же салттуу форматта уюштурулат.

  1. Окутууну салттуу форматта уюштуруу учурунда окуу жайдын ичинде бир убакытта студенттердин саны минималдуу болгондой кылып, окутуу сабактарынын ийкемдүү ырааттамасын (расписаниесин) түзүү керек. ЖОЖдун жана КООЖдун тандоосу боюнча студенттердин контингентин 2-3 нөөмөткө сабактарга келүүгө аныкталган жана так белгиленген күндөрү менен бөлүштүрүүгө жол берилет.
  2. Чоң группаларды социалдык аралыкты сактоо шартында бир аудиторияда 15-20 студенттен ашпагандай кылып бөлүштүрүү сунушталат.
  3. Танапис учурунда студенттердин баарлашуусун минималдаштыруу боюнча чараларды көрүү, коридорлордо, имаратка кире бериш жерде жана аудиторияда студенттердин топтолуусуна жол бербөө зарыл.
  4. Студенттердин ар түрдүү топторунун арасында массалык иш-чаралар өткөрүлбөшү керек.
  5. Студенттердин арасында “COVID-19” инфекциясын алдын алуу чараларын сактоо боюнча иштерди жүргүзүү (лекциялар, видео роликтер, материалдар университеттердин сайтында жайгаштырылышы мүмкүн) зарыл.
  6. Авиа каттамдар калыбына келбеген же “чек аралар ачылбаган” чет өлкөлөрдүн жарандары — студенттер үчүн барып келүүдөгү чектөөлөр алынганга чейин окутуу аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу менен алыстан окутуу режиминде уюштурулат.
  7. Чет өлкөлөрдүн жарандары — студенттерге  окуу процессине  катышууга “COVID-19га” текшерүүнүн жыйынтыгы болгон учурда гана   уруксат берилет.

 

  1. Экзамендик сессияларды жана бүтүрүүчүлөрдүн мамлекетик аттестациясын өткөрүү.
  2. 2-курстун студенттери үчүн “Кыргызстан тарыхы”, “Кыргыз тили жана адабияты” жана “Кыргызстандын географиясы” боюнча комплекстүү мамлекеттик экзамен 2020-жылда онлайн режимде жогорку жана орто кесиптик окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясын өткөрүү боюнча сунуштарды эске алып, аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу менен алыстан окутуу режиминде өткөрүлөт.
  3. Бүтүрүүчүлөрдүн мамлекеттик аттестациясы салттуу форматта өткөрүлөт.
  4. Жыйынтыктоочу лекциялар жана консультациялар ЖОЖдун жана КООЖдун тандоосу боюнча алыстан же салттуу форматта өткөрүлөт.
  5. Студенттер үчүн экзамендик сессиялар төмөнкү алгоритм боюнча уюштурулат:

— “Гуманитардык жана социалдык-экономикалык циклдин” жана “Математика жана табигый илимдер циклинин” дисциплиналары боюнча аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу менен алыстан окутуу режиминде өткөрүлөт;

— “Кесиптик циклдин” дисциплиналары боюнча салттуу форматта өткөрүлөт.

 

III. Окуу жайларда жана жатаканаларда санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо:

Иш-чараларИш-чараларды аткаруу шарттары
 

“Кирүү фильтрин” уюштуруу

  1. Окуу корпусуна/жатаканага кире бериш жерде “кирүү фильтри” уюштурулушу зарыл, ал колду дезинфекциялоо үчүн антисептиги бар санитайзер жана электрондук термометр менен (контактсыз) жабдылышы керек;
  2. Кире бериш жердеги “кирүү фильтрине” жооптуу адам:
  • Имаратка кирген бардык адамдардын дене табын контактсыз өлчөйт;
  • Кирген адамдарда жөтөлдүн, энтигип дем алуунун, сасык тумоонун болуусуна байкоо жүргүзөт жана ал жөнүндө кыскача сураштырат;
  • Имаратка кирүү учурунда адамдардын ортосундагы 1-1,5 метр физикалык аралыктын сакталышын камсыздайт;
  • Дене табы жогору болгон жана/же инфекциянын белгилери бар адамды аныктоодо кичипейил жана сылык формада имараттын ичине кирбөөнү жана ҮМБдагы дарыгерге же колл-борборго кайрылууну сунуштайт.
Беткап режими
  1. Окуу имаратына беткапсыз кирүүгө жана беткапсыз жүрүүгө тыюу салынат;
  2. Беткапты оозду, мурунду жана ээкти жапкандай кылып тагынуу зарыл;
  3. Бепкаптын боосу болсо, аларды бекем байлоо керек;
  4. Беткапта мурундун тегерегинде тигилген ийкемдүү пластина болсо, беткап менен бетти толугу менен жабуу үчүн аны мурундун кырына бекем кысуу зарыл.
  5. Беткапта атайын бүктөлүштөр болсо, бетти толугу менен жабуу үчүн аларды толук ачып, беткапка функционалдуу форманы берүү зарыл.
  6. Беткапты ашыкча кармоодон баш тартуу керек. Беткапты кармаган учурда колду антисептик менен дезинфекциялоо керек.
  7. Эгерде беткап нымдуу же булганып калса, аны таза жана кургак беткапка алмаштыруу зарыл.
  8. Беткапты ар бир 2 саатта алмаштырып туруу керек.
  9. Медициналык беткап бир жолу пайдаланылат.
  10. Окуу жайдын, кафедранын кире бериш жеринде беткап режимин катуу сактоо жөнүндө кулактандырууну илүү зарыл.
Физикалык аралыкты сактоо
  1. Адамдардын ортосундагы минималдуу 1-1,5 метрден кем эмес физикалык аралыкты сактоо зарыл. Ошол эле учурда бул физикалык аралыкты ар бир жерде: окутуу аудиторияларында, фойеде, көчөдө сактоо керек.
  2. Физикалык контакттан, анын ичинде кол берип саламдашуу жана кучакташуудан баш тартуу зарыл.
  3. Адамдардын топтолуусунан жана адамдар көп чогулган жерлерге баруудан баш тартуу керек.
  4. Сабактардан кийин жана бош убакытта биргелешип убакыт өткөрүүдөн баш тартуу керек.
  5. Массалык иш-чаралардын өткөрүлүшүн болтурбоо зарыл.
Колдун гигиенасы
  1. ЖОЖдо жана КООЖдо ЖОЖго/факультетке, кафедрага кире бериште колду дезинфекциялоо үчүн антисептикалык каражаттардын болуусу камсыздалашы керек.
  2. Кире бериш жерде билим алуучулардын жана кызматкерлердин колун антисептиктер менен дезинфекциялоо камсыздалашы керек. Ушул гигиеналык процедуранын сакталышын көзөмөлдөөнү камсыздоо зарыл.
  3. Санитардык түйүндөрдө самындын жана даарат кагазынын дайыма болуусу камсыздалсын, колду дезинфекциялоо үчүн антисептикалык каражаттар менен дозаторлорду орнотуу керек.
  4. Ажатканаларда жана окутуу бөлмөлөрүндө чыканак санитайзерлерин орнотуу зарыл.
Жөтөл этикетин сактоо
  1. Жөтөлүү жана чүчкүрүү учурунда оозду жана мурунду бир жолу колдонулуучу салфетка менен жаап, жаныбызда турган адамдардан башка жакка бурулуу керек.
  2. Салфетка жок болсо, алаканга же муштумга жөтөлүү туура эмес. Жөтөлүү учурунда оозду чыканак же колдун сырты менен жабуу жакшыраак.
  3. Какырыкты/шилекейди полго түкүрүүгө тыюу салынат. Бир жолу колдонулуучу салфеткаларды пайдалануу керек.
Имараттарды желдетүү жана абаны зыянкечтерден тазалоо
  1. Ар бир сабактан кийин, билим алуучулар жокто окуу бөлмөлөрүн, лекциялык залдарды, спорт залды, окутуу устаканаларын өтмө желдетүүнү камсыздоо зарыл. Бирок, 2 саатта 1 жолудан кем эмес;
  2. Имараттарды желдетүүнү дезинфекциялык иш-чаралардан жана абаны кварцтоодон кийин да жүргүзүү керек, эгерде мындай иш-чаралар жүргүзүлсө.
  3. Аба ырайынын шарттарын эске алуу менен дене тарбия сабактарын ачык абада өткөрүүнү уюштуруу сунушталат. Спорт залында өтүүчү сабактардын санын кыскартып, дене тарбия сабактары үчүн ачык спорт аянтчаны колдонуу керек.
  4. Мүмкүнчүлүккө жараша аба чөйрөсүн дезинфекциялоону абаны зыянкечтерден тазалоо үчүн шаймандарды колдонуу менен камсыздоо (бактерициддик рециркуляторлор, кварц лампалары) керек.
Имараттарды, жабдууларды, инвентарларды дезинфекциялоо жана санитардык кармоо 
  1. Танапис учурунда (күнүнө 2 жолудан кем эмес) жана сабактар бүткөндөн кийин жумушчу беттерди, полду, эшиктин туткаларын, азык-түлүк блокторунун имараттарын, эмеректерди, санитардык түйүндөрдү, крандардын вентилдерин, унитаздардагы бочоктордун баскычтарын дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу менен нымдуу тазалоону уюштуруу зарыл.
  2. Дезинфекциялоочу каражаттарды өндүрүүчүнүн нускамасына ылайык вирустук инфекция үчүн концентрацияны эске алуу менен колдонуу керек.
Билим алуучуларга жана ЖОЖдун кызматкерлерине маалымдоо чаралары
  1. Көрсөтмө берүү журналында каттоо менен кызматкерлерге жана профессордук-окутуучу курамга коронавирус инфекциясын (COVID-19)  алдын алуу боюнча көрсөтмө берүү зарыл.
  2. Окутуучулар жана билим алуучулар үчүн коронавирус инфекциясын алдын алуу боюнча эскертмелерди маалымат стенддеринде жана сайтта жайгаштыруу керек.
  3. Беткап режимин сактоо зарылдыгы, кол гигиенасы, жөтөл этикети, физикалык аралыкты сактоо, ошондой эле жеке гигиенанын эрежелери жөнүндө билим алуучуларга маалымат берүүнү камсыздоо зарыл.
  4. Билим алуучуларга сунуштар жана эскертмелер менен тааныштыруу аркылуу инфекцияны жуктуруу жана анын белгилери, жаңы коронавирус инфекциясын алдын алуу чаралары жөнүндө маалымдоо зарыл.
Обочолонуу – чектөө чаралары
  1. Мүмкүнчүлүккө жараша ар бир группага окутуу бөлмөсүн  аныктоо жана предметтик окутууну уюштуруп, ар бир группаны аныкталган бөлмөдө окутуу сунушталат.

 

Жатаканалардагы эпидемияга каршы режим1. Студенттердин ден соолугун күн сайын кароону уюштуруу – дене табын текшерүү жана инфекциянын белгилеринин болуусун сурамжылоо

 

КР ББИМдин басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер