АЛЕКСАНДР ЖИРКОВ ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫНДА  

  • 17.04.2018
  • 0

Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтуна Саха (Якутия) Республикасынын Мамлекеттик жыйынынын (Ил Түмөн) төрагасы Александр Жирков илимий-чыгармачылык иш сапары менен келди.

А.Жирковду аталган институттун директору, академик Абдылдажан Акматалиев кабыл алып, институтта жарык көрүп жаткан чыгармалар менен тааныштырып, мекеменин ишмердүүлүгү туурасында баарлашты. Ошондой эле жолугушууда залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата алдыдагы пландар жөнүндө сөз болду.

“Александр Николаевич бизге якут элинин жаңы басылып чыккан эпосторун (“Маадай хара”, “Ураал баатыр”) жана элдин дүйнө жүзүнө тараган маданияты (“Материальная и духовная культура народов Якутии в музеях мира”) тууралуу жазылган китебин тапшырды. Октябрь айында Саха Республикасы өткөрө турган эл аралык конференцияга чакыруу алдык. Ошондой эле биз дагы аларды жай айларында өтө турган “Ысык-Көл форумуна” чакырдык”, — деди Абдылдажан Акматалиев.

Ал эми Александр Жирков Якутиянын Улуттук китепканасында Ч.Айтматов атындагы “Кыргыз адабияты бөлүмү” ачылганын белгилеп: “Учурда Ч.Айтматовдун 90 жылдыгын өткөрүүгө карата даярдыктар жүрүп жатат. Сентябрдан декабрга чейин жазуучунун туулган күнүн утурлай иш-чараларды уюштурууну пландап жатабыз. Бул жактагы иш-чараларга дагы делегация жөнөтөбүз”, — деп кошумчалады.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер