АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБА БОРБОРУНДА ЖАКШЫ СААМАЛЫК

  • 01.04.2021
  • 0

29-31-мартта ОшМУнун Индустриалдык-педагогикалык колледжинде пилоттук негизде ачылган Алдыңкы тажрыйба борбору мыкты табылгаларды алмашуу максатында өлкөбүздүн чар тарабындагы кесиптик орто окуу жайлардан келген өкүлдөр менен бирге семинар өткөрдү.

АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБА БОРБОРУНДА ЖАКШЫ СААМАЛЫК

Семинардын катышуучулары окуу жайдагы өтүлүп жаткан сабактардын мазмуну, студенттердин бизнес-пландары менен таанышып, тигүүчүлүк, болочок дизайнерлердин чыгармачыл иштерин, тиккен кийимдерин көрүштү. Айрыкча программалоо адистигинде окуган студенттердин долбоордук программалары, жасаган роботтору жана алеттери (приборлору) коноктордун көңүлүн бурду.

Мындан сырткары ишкердик боюнча тамак-аш жарманкеси уюштурулуп, студенттердин колунан жасалган кондитердик азыктар тартууланды.

— Биз ушундай семинарларды пландуу түрдө уюштуруп, республикабыздагы мыкты жетишкендиктерди текши жайылтууга өбөлгө түзүп турабыз. Жумуш берүүчүлөр менен да, социалдык өнөктөштөр жана кесиптештер менен да тыгыз мамиледе болуп, студенттерибиздин кесиптик өсүшүнө азыртан кам көрөбүз. Биргелешип иштесек, көп ийгиликтерге жетишебиз, — деди Индустриалдык-педагогикалык колледждин деректири О.Шаимкулов.

АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБА БОРБОРУНДА ЖАКШЫ СААМАЛЫК

Семинардагы талкуулардан кийин коноктор Ош шаарынын символу Сулайман-Тоого чыгып, Ак-Буура дарыясына барышты. Ошондой эле 2010-жылдагы июнь окуясына карата тургузулган “Эненин көз жашы” мемориалдык комплекси менен таанышышты.

Бактыгүл Байтикова, Ош шаары

 

Бөлүшүү

Комментарийлер