АЛДЫҢКЫ ПЕДАГОГИКАЛЫК ИДЕЯЛАРДЫ ЖАЙЫЛТУУ

  • 06.04.2018
  • 0

 Ысык-Көл облусунда облустук билим берүү институтут тарабынан  «Билим берүү тармагындагы реформаларды өнүктүүрүү багытындагы ийгиликтүү практикалар жана жаңы чечимдер» аттуу илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.   

Конференция эки бөлүктө өттү. Пленардык кенешмеде  өлкөбүздөгү билим берүү тармагындагы реформаларды колдоо жана жаңы багытта иш алып баруу, заманбап мугалимдин ролу тууралуу маселелер козголду. «Таза коом-Цифралык кыргызстан 2040», «Жаны доорго кырк кадам» программаларын ишке ашыруу максатында, 2018-жыл Аймактарды өнүктүрүү жылына карата билим берүү тармагындагы жаны багыттарды жүргүзүү тууралуу идеялар айтылды. Азыркы коомдогу өзгөрүүлөргө, заман талабына жараша мугалимдин инновациялык технологиялар, компьютердик технологиялардын сабакка пайдаланылыш шарттары тууралуу талкуулар жүргүзүлдү. Бүгүнкү күндө педагогдордун үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүүсү башкы орунда экендиги белгиленди.

 Конференцияда «Билим берүү тармагындагы жанылануулар жана заманбап мугалимдин ролу» деген темада Ысык-Көл облустук билим берүү институтунун директорунун орун басары Н. Шарапова доклад окуду. Ошондой эле КР Эл мугалими Ж.Р.Өзүбекова,  КР билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюздар комитетинин төрагасынын орун басары, облустук билим берүү кызматкерлеринин профсоюздар кыймылынын уюштуруучусу  Ө.К.Молдакматов, Ысык-кол облустук билим берүү институтутунун директору  К.С.Шарипов  конференциянын катышуучуларына куттуктоо сөздөрүн айтышты.

Конференцияда экинчи бөлүгүндө облустун алдыңкы  49 мугалими жана ОББИнун кызматкерлери  бардык предметтер боюнча 40 мүнөттөн мастер класстарды өткөрүштү.  Аталган иш чарага  270 мугалим катышты. Мастер класстар бардык предметтер боюнча мугалимдерге жана райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн методисттерине, соцпедагогдоруна  көрсөтүлдү. Соцпедагогдорго К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин педагогдору да  психология багытында лекцияларды окушту.

Ысык-Көл областтык билим берүү институту бирген маалыматка караганда, алдыңкы педагогикалык идеяларды, заманбап коомдун талабына ылайык билим тарбия-берүү багытын көздөгөн конференция облустун алдынкы мугалимдеринин жамаатын түзүү жана тажрыйба алмашуу максатында өткөрүлдү.  Иш чаранын соңунда педагогдор тарабынан тажрыйба алмашуу багытындагы ушундай иш чаралардын көп болушу тууралуу пикирлерин  жана бул иш чара жогорку деңгээлде уюштурулгандыгы тууралуу билдиришти. Мындай иш чара мындан ары район, шаарларда, жана август кеңешмелеринде уланмакчы.



Бөлүшүү

Комментарийлер