“АЛДЫҢКЫ КОЛЛЕДЖДЕРДИН САП БАШЫНА ЧЫКТЫК!”

  • 30.04.2026
  • 0

Медициналык колледжи – келечекке ишенимдүү кадам!

Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Медициналык колледжи – бул келечектеги дарыгерлерди, медайымдарды, стоматологдорду жана фармацевттерди даярдаган ишенимдүү билим берүү очогу. Эгер сиз медицина тармагында ийгиликтүү карьера курууну кыялдансаңыз, анда бул колледж сиз үчүн эң туура тандоо!

Колледж тууралуу кыскача маалымат

Медициналык колледж 2005-жылы негизделип, 2009-жылдан тарта расмий түрдө колледж макамын алган. Бүгүнкү күндө ал Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги жана Саламаттык сактоо министрлигинин көзөмөлүндө иш алып барган мамлекеттик окуу жай.

Биздин колледж – сапаттуу билимдин кепилдиги!

Кайсы адистиктер бар?

Студенттер төмөнкү суроо-талап жогору болгон багыттар боюнча билим алышат:

✔дарылоо иши;

✔акушердик иш;

✔ортопедиялык стоматология;

✔профилактикалык стоматология;

✔фармация;

✔медициналык айым иши.

Бул адистиктер боюнча бүтүрүүчүлөр медициналык мекемелерде, дарыканаларда жана клиникаларда иштөөгө толук даяр болушат.

Аккредитация жана сапат

Колледждин негизги адистиктери 2023-жылы ийгиликтүү аккредитациядан өткөн жана 2028-жылга чейин жарактуу сертификатка ээ. Ал эми ортопедиялык стоматология адистиги 2025-жылы аккредитацияланып, сертификат 2031-жылга чейин күчүндө.

Бул – билим сапаты мамлекеттик жана эл аралык талаптарга жооп берерин далилдейт.

Заманбап шарттар – ийгиликтин негизи

Студенттердин сапаттуу билим алуусу үчүн заманбап окуу кабинеттери, медайымдык бөлмөлөр, операциялык жана реанимация бөлүмдөрү, лекциялык залдар, окуу залы, китепкана жана эс алуу бөлмөлөрү кызмат кылат.

Бардык бөлмөлөр керектүү эмеректер, плакаттар, столдор, фантомдор, муляждар, интерактивдүү панелдер, интерактивдүү доскалар, «ANATOMIX» виртуалдык 3D комплекси менен жабдылган.

Спорт залы, спорт аянтчасы, кенен профилдеги ачык стадион, медпункт, коомдук тамактануу пункту, спорт комплекси, студенттер үйү бар.

Үч компьютердик класс, алардын баары интернетке туташкан. Студенттер бош убактысында да компьютердик классты пайдаланышат. Китепкана, интернетке туташкан окуу залы, окуу-материалдык база жалпы билим берүү программаларын натыйжалуу ишке ашырууга мүмкүндүк берет.

Адистерди даярдоо үчүн окуу жай фондусу жана техникалык окуу куралдары жетиштүү. Кабинеттердин жалпы аянты 14851 м2, бул бир окуучуга 7 чарчы метрге туура келет. Колледж программалары үчүн китепкана фондусу (китеп түрүндө жана электрондук түрдө) жетиштүү санда бар.

Күчтүү окутуучулар курамы

Колледжде жогорку билимдүү, тажрыйбалуу мугалимдер сабак беришет. Алардын ичинде медицина илимдеринин кандидаттары да бар.

Окутуучулар дайыма өз квалификациясын жогорулатып, студенттерге заманбап билим берүүгө умтулушат.

Окуу жана өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү

Колледжде билим берүү төмөнкү багыттагы бирикмелер аркылуу жүргүзүлөт:

✔Гуманитардык сабактар;

✔Жалпы медициналык сабактар;

✔Терапия, педиатрия жана акушердик;

✔Хирургия жана стоматология;

✔Химия, биология жана фармация.

Мындан тышкары, студенттер үчүн ар кандай ийримдер, кошумча сабактар жана өз алдынча өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү бар.

Эмне үчүн дал ушул колледж?

✔Мамлекеттик диплом;

✔Заманбап билим берүү;

✔Практикага багытталган окутуу;

✔Кесипкөй окутуучулар;

✔Ыңгайлуу шарттар;

✔Жумушка орношууга мүмкүнчүлүк;

✔Германияга жумушка орношуу шансы.

Урматтуу ата-эне!

Сиздер үчүн бул колледж – балаңыздын келечегине салынган эң туура инвестиция. Бул жерде студенттер жөн гана билим албайт, алар мыкты базаны пайдалануу менен адам өмүрүн сактай турган кесиптин ээлери болуп чыгышат.

Медициналык билим – бул жоопкерчилик, ал эми сапаттуу билим – ийгиликтин ачкычы!

Келечегиңизди бүгүн баштаңыз!

Бүгүнкү күндө билим берүү системасы ылдам өзгөрүп, жаңы талаптарды коюп жаткан шартта атаандаштыкка жөндөмдүү, заманбап ой жүгүрткөн адистерди даярдоо – ар бир окуу жайдын башкы милдети. “Достук” ордендүү Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети бул багытта өзүнүн туруктуу өнүгүүсүн камсыздап, билим сапатын жогорулатууга өзгөчө басым жасап келет.

Бул жаатта сыймыктана турган жаңылыктарыбыз көп. Башкасын айтпаганда да, жакында университетибиздин колледждери өлкө боюнча өткөрүлгөн орто кесиптик окуу жайлардын улуттук рейтингинде жогорку көрсөткүчтөргө жетишкендигин сыймыктануу менен баса белгилеп койгум келет. Айрыкча, медициналык колледждин институционалдык аккредитацияда 2-орунду, ал эми “медайым иши” программасынан 1-орунду багындыруусу – бул сапаттуу билим берүүнүн айкын далили. Ошондой эле, Билим берүү инновациялары колледжинин алдыңкы ондукка кириши жана “Башталгыч класстарды окутуу” адистигинин 2-орунду ээлеши биздин системалуу эмгегибиздин жыйынтыгы болуп саналат.

Университетибиздин курамындагы төрт колледж: Ала-Бука кесиптик колледжи, Медициналык колледж, STEM колдонмо кесиптер колледжи жана Билим берүү инновациялары колледжи – ар бири өзүнүн багыты боюнча мезгил талабына жооп берген уникалдуу билим берүү моделин сунуштайт.

Ала-Бука кесиптик колледжи көп маданияттуу билим берүү аркылуу этностор аралык ынтымакты чыңдап, аймактык өнүгүүгө салым кошуп келет. Медициналык колледж заманбап материалдык-техникалык базасы менен практикага багытталган сапаттуу билим берүүнү камсыз кылууда. STEM колдонмо кесиптер колледжи инновациялык технологияларды өздөштүргөн, өндүрүшкө жакын адистерди даярдоого басым жасайт. Ал эми Билим берүү инновациялары колледжи педагогикалык жана тилдик багыттагы адистерди даярдоодо жаңыча ыкмаларды ийгиликтүү ишке ашырууда.

Бул жетишкендиктер – биздин жамааттын үзүрлүү эмгегинин, окутуучулардын кесипкөйлүгүнүн жана студенттердин биргелешкен аракетинин жыйынтыгы. Ошол эле учурда, бул ийгиликтер алдыга коюлган максаттарыбыздын башаты гана экенин баса белгилеп коюшубуз керек. Биз, мындан ары да билим берүүнүн сапатын арттыруу, эл аралык стандарттарга шайкеш келүү жана эмгек рыногунун талаптарына жооп берген адистерди даярдоо багытында ишибизди уланта беребиз.

Биздин колледждер мындан ары да жаңы ийгиликтерди жаратып, өлкөбүздүн билим берүү системасынын өнүгүшүнө татыктуу салым кошо берет деп терең ишенем.

“АЛДЫҢКЫ КОЛЛЕДЖДЕРДИН САП БАШЫНА ЧЫКТЫК!”

Абдилбает Мамасыдыков

КӨЭАУнун ректору,

экономика илимдеринин доктору, профессор

Аймактык өнүгүүгө салым кошкон билим ордосу –

Ала-Бука кесиптик колледжи

Жалал-Абад областынын Ала-Бука районунда жайгашкан Ала-Бука кесиптик колледжи илим-билимдин, достуктун жана таалим-тарбиянын куттуу ордосу болуу менен көп маданияттуу билим берүү аркылуу этностор аралык биримдикти чыңдаган уникалдуу кесиптик окуу жайы. Ала-Бука кесиптик колледжи өз тарыхында он миңге жакын заманбап квалификациялуу адистерди даярдап чыгарды. Өлкөбүздүн, куттуу Жалал-Абад жергебиздин жана жакынкы коңшу мамлекеттердин туруктуу өнүгүүсүнө өзүнүн чоң салымын кошууда.

Ала-Бука кесиптик колледжи Ош шаарынан 300 км, Манас шаарынан 220 кмден ашык алыстыкта орун алган. Окуу жайыбыз билим берүү ишмердүүлүгүндө Кыргызстандын түштүк регионунда орто мектептердин мугалимдерин жана мекеме ишканалар үчүн татыктуу кадрларды даярдап келет.

Биздин миссия

Ала-Бука кесиптик колледжинде башталгыч класстарды окутуу, каржы (тармактар боюнча), мектепке чейинки билим берүү, чет тили адистиги жана эсептөө техникасы, программалык камсыздоо жана IT адистиктери боюнча кадрлар даярдалат.

Биздин билим ордобузда кесиптик билим берүү менен катар эле кыска мөөнөттүү компьютердик, менталдык арифметикалык, орус жана англис тили багытындагы тил курстары иш алып барат. Ала-Бука кесиптик колледжинде отуздан ашуун окутуучулар курамы эмгектенет. Азыркы учурда төрт жүздөн ашуун студент билим алууда.

Жагымдуу шарттар

Колледждеги окуу жараяны заманбап эмеректер менен жабдылган эки окуу имаратында жүргүзүлүп келет. Мында видеокамералар орнотулган лекциялык жана окуу лабораториялык канаалар, заманбап инновациялык техникалык каражаттар менен камсыздалган. Алардын катарында адистештирилген виртуалдык окуу лабораториялар, компьютердик канаалар, интернет желесине туташтырылган мультимедиалык жана лингафондук канаалар, 150 орундуу жыйындар залы, синхрондук котормого ээ болгон конференция залдары жана спорттук аянтчалар пайдаланууга берилген.

Жаштардын ар тараптуу өнүгүүсүндө, жөндөм шыгын өнүктүрүү багытында бейөкмөт уюмдар менен биргеликте иш алып барат.

Колледжде математика, чет тили, информатика сабактары өзгөчөлөнгөн программада өтүлүп, предметтик кружоктор уюштурулган.

Окуу жайдын китеп фонду жалпысынан 35 000ден ашуун нускадагы адабияттар жана электрондук китептер менен студенттерди ийгиликтүү камсыздап келет.

Окуу жайыбызда билим алып жаткан студенттерге ыңгайлуу болуусу үчүн студенттик ашкана жана жатакана дагы бар.

2024-жылы билим берүү программаларын жана уюмдарын акредитациялоо агенттиги тарабынан акредитациядан ийгиликтүү өтүп билим берүүнүн сапатын эл аралык стандартка туура келгендигин тастыктаган атайын сертификатка ээ болду.

Окуу жайда кесиптик билим берүү ишмердиги менен катар эле илимий изилдөө ишмердүүлүгү боюнча да алгылыктуу иш-чаралар тынымсыз өтүп турат.

Ала-Бука кесиптик колледжинде эл аралык байланыштар, инновация жана чет элдик, коңшу өлкөлөр менен академиялык мобилдүүлүктү жүргүзүү максатында натыйжалуу иштер аткарылууда.

Маданият ордосу катарында

Ала-Бука кесиптик колледжинде жаш кадрларды ынтымакка, достукка жана патриоттуулукка үндөө максатында тарбиялык маанидеги иш-чаралар жана спорттук оюндар байма-бай өткөрүлүп келет. Окуу жай уюшулгандан баштап ар кандай мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдар менен биргеликте эл арасында семинарларды, мониторингдерди уюштуруп, кайрымдуулук иштерин жүргүзүп келет. Ар жылы карыларды жана балдарды коргоо күнүнө карата окуу жай тарабынан балдарга концерттик программа даярдалып, белектер берилет. Ошондой эле, райондук акимчилик тарабынан бөлүнгөн жакыр үй-бүлөлөргө материалдык жардам көрсөтүлөт.

1999-жылдан бери окуу жайыбыз бейөкмөттүк уюмдар тарабынан уюштурулган ар кандай семинарларга активдүү катышууда. “Музыка – бул эстетикалык мамилеге жол”, “Билим берүү аркылуу этникалык интеграция” жана “Ботаникалык бак” аттуу долбоорлордо гранттарды утуп алган. Жыйынтыгында, окуу жайга музыкалык аппарат алынган жана 1,5 гектар жерге ботаникалык бак уюштурулуп, азыркы күндө өз жемишин берип жатат. АРИС жана ПРООН тарабынан уюштурулган “Граждандык өнүгүү жана чек арадагы көйгөйлөр” программасы боюнча Аксы районунун Кербен шаарында жана Өзбек Республикасынын Наманган шаарында өткөрүлгөн форумдарга активдүү катышып келет.

“АЛДЫҢКЫ КОЛЛЕДЖДЕРДИН САП БАШЫНА ЧЫКТЫК!”

Билим берүү инновациялары колледжи:

Мезгил чакырыгы биз менен!

Кыргыз Республикасынын билим берүү системасын өнүктүрүү жана кесиптик билим берүү түзүмүн өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 1997-жылдын 31-мартындагы Жарлыгына жана Өкмөттүн 1997-жылдын 30-майындагы токтомуна ылайык, Кыргыз-Өзбек индустриалдык колледжи түзүлгөн. Бул окуу жай Кыргыз-Өзбек университетинин курамындагы кесиптик билим берүүчү түзүм катары уюштурулуп, өлкөнүн эл чарбасына зарыл болгон адистерди даярдоого багытталган.

Колледж университеттин курамында туруктуу иш алып барып, мамлекеттик аттестациялардан ийгиликтүү өтүп келет. 2007-жылдан тартып колледж өз алдынча структуралык бирдик катары кайра уюштурулуп, анын директору болуп техника илимдеринин кандидаты, доцент
И.Бакиров дайындалган. Анын жетекчилиги алдында колледждин материалдык-техникалык базасы чыңдалып, билим берүү программалары кеңейтиле баштаган.

2007-2009-жылдар аралыгында башкаруунун натыйжалуу стратегиясынын негизинде жаңы адистиктер ачылып, лицензиялар алынган. Натыйжада студенттердин саны бир нече эсеге көбөйүп, финансылык туруктуулук камсыздалган.

2011-жылы окуу жайдын статусу өзгөртүлүп, ал “Социалдык колледж” деп аталып, билим берүү багыттары дагы кеңейтилген.

2019-жылы окуу жай “Кесиптик колледж” болуп кайра аталып, заманбап талаптарга жооп берген кесиптик билим берүү мекемеси катары өнүгүүсүн уланткан. 2020-жылдан тартып колледжди физика-математика илимдеринин доктору, доцент Ч.Абдуллаева жетектеп, билим берүү процессине инновациялык ыкмаларды киргизүү, илимий-педагогикалык потенциалды жогорулатуу жана билим берүү сапатын жакшыртуу багытында олуттуу иштерди жүргүзүп келет.

2025-жылы студенттердин санынын олуттуу өсүшүнө байланыштуу колледж эки өз алдынча түзүмгө бөлүнүп, педагогикалык багыттагы адистиктерди камтыган жаңы “Билим берүү инновациялары колледжи” түзүлгөн. Бул өзгөрүү билим берүү процессин эффективдүү башкарууга жана адистештирилген даярдоону күчөтүүгө өбөлгө түзгөн. 5-окуу имараты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, кайрадан пайдаланууга берилди жана бул имаратта Билим берүү инновациялары колледжи өз ишмердүүлүгүн улантууда. Жаңыланган имарат – студенттер үчүн заманбап билим алууга, ыңгайлуу шарттарда окууга чоң мүмкүнчүлүк түзүүдө.

Азыркы учурда колледжде орто кесиптик билим берүү программалары төмөнкү адистиктер боюнча ишке ашырылууда:

башталгыч билим берүү;

мектепке чейинки билим берүү;

чет тилдер жана котормо иши.

Окуу жай билим берүү программаларын модернизациялоо, санариптик технологияларды колдонуу, студенттердин академиялык жетишкендиктерин жогорулатуу жана окутуучулардын илимий потенциалын өнүктүрүү багытында иш алып барууда.

КӨЭАУнун Билим берүү инновациялары колледжи тарабынан 2025-жылдын декабрь айынан бери билим берүү программаларынын окуу максаттарын жана натыйжаларын жаңыртуу боюнча пландуу иштер жүргүзүлүп келет. Педагогикалык программалар үчүн бул иш Кыргыз Республикасынын 12 жылдык жалпы билим берүү моделине өтүүсүнүн алкагында, ал эми «Котормо иши» программасы үчүн эмгек рыногунун өзгөрүп жаткан талаптарын жана көп тилдүү билим берүү чөйрөсүн өнүктүрүүнү эске алуу менен жүргүзүлүүдө. 2026-жылдан тартып мугалимдерге методикалык колдоо көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Улуттук квалификациялык талаптардын алкагына, мамлекеттик билим берүү стандарттарына, «Жалпы билим берүү уюмунун (мугалим, тарбиячы) (башталгыч жалпы билим берүү)» кесиптик стандартына жана Блум таксономиясына негизделет. Учурда окутуучулар жаңыртылган окуу натыйжаларын окуу программаларына, курстарга жана баалоо куралдарына интеграциялап жатышат. Кийинки кадам жаңыртылган окуу максаттарын жана натыйжаларын негизги кызыкдар тараптар менен координациялоону камтыйт. Бул иш кадрларды даярдоонун сапатын жакшыртууга, аны билим берүү системасынын жана эмгек рыногунун учурдагы талаптарына ылайыкташтырууга жана колледждин ички сапатты камсыздоо системасын чыңдоого багытталган.

Билим берүү инновациялары колледжи өзүнүн калыптануу жана өнүгүү этаптарында заманбап билим берүү талаптарына жооп берген, атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоочу билим берүү мекемеси катары калыптанды. Бүгүнкү күндө ал билим берүү системасын модернизациялоого, инновациялык технологияларды киргизүүгө жана илимий-изилдөө ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө багытталган стратегиялык багыттарды ишке ашырууда.

STEM колдонмо кесиптер колледжи: ийгиликке карай ишенимдүү кадам!

Азыркы учурда билим берүү тармагында сапатка, өндүрүшкө жана заманбап технологияларга өзгөчө көңүл бурулуп жаткан мезгилде, Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин курамындагы STEM колдонмо кесиптер колледжи өзүнүн туруктуу өнүгүүсү, инновациялык ыкмаларды колдонуусу менен айырмаланып келет.

Студенттердин контингентинин жылдан-жылга көбөйүшү жана билим сапатын дагы да жогорулатуу максатында кесиптик колледж эки багытка бөлүнүп, өз алдынча түзүм катары STEM колдонмо кесиптер колледжи түзүлгөн.

Бул жаңы түзүм билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, ар бир багыт боюнча адистешкен окутууну камсыз кылууга жана студенттерге кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө өбөлгө болду.

STEM колдонмо кесиптер колледжинин директору болуп техника илимдеринин кандидаты, доцент Зулпуев Замирбек Базарбаевич дайындалып, анын жетекчилиги алдында окуу-тарбия иштери системалуу түрдө өнүгүп, жаңы дем менен алдыга жылууда.

Колледждин негизги максаттары:

✔эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү, жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо;

✔билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана аны практикага багыттоо;

✔окуу процессинде заманбап маалыматтык жана өндүрүштүк технологияларды кеңири колдонуу;

✔студенттердин кесиптик, интеллектуалдык жана жеке өнүгүүсүнө шарт түзүү;

✔иш берүүчүлөр менен тыгыз байланыш түзүп, бүтүрүүчүлөрдүн жумушка орношуусуна көмөк көрсөтүү.

Окутуучулар курамы — сапаттын кепилдиги

Колледжде өз ишинин мыкты адистери болгон жогорку квалификациялуу окутуучулар эмгектенет. Жалпы окутуучулардын саны 71ди түзөт. Алардын ичинен 4 окутуучу илимдин кандидаты жана доцент даражасына ээ, 33 окутуучу магистрлик билимге жана жогорку категорияга кирет. Мындан тышкары, жаш жана демилгелүү адистер да билим берүү процессине активдүү катышып, жаңы методдорду колдонуу менен сабак өтүшөт.

Мындай курам студенттерге сапаттуу билим алууга, заманбап талаптарга жооп берген адис болуп калыптанууга чоң мүмкүнчүлүк берет.

Колледждеги бирикмелер

✔Окуу процесси үч негизги багыттагы бирикмелер аркылуу уюштурулат:

✔Экономикалык жана укуктук сабактар бирикмеси;

✔Маалыматтык технологиялар, энергетика, транспорт жана жеңил өнөр жай бирикмеси;

✔Тил жана коомдук сабактар бирикмеси.

Бул бирикмелер ар бир багыт боюнча терең билим берүүгө шарт түзөт.

Даярдалуучу адистиктер

Колледжде учурда эмгек рыногунда жогорку суроо-талапка ээ болгон төмөнкү адистиктер боюнча кадрлар даярдалууда:

✔автоунааларды оңдоо жана аларды техникалык жактан тейлөө;

✔эсептөө техникасы менен автоматташтырылган системаларды программалык камсыздоо;

✔электр менен камсыздоо (тармактар боюнча);

✔тигилүү кийимдерин конструкциялоонун жана моделдештирүүнүн технологиясы;

✔укук жана социалдык камсыздоону уюштуруу;

✔укук таануу;

✔финансы (тармактар боюнча);

✔экономика жана бухгалтердик эсеп (тармактар боюнча).

Ар бир адистик боюнча окуу программалары теория менен практиканы айкалыштыруу принцибине негизделген.

Колледждин артыкчылыктары

STEM колдонмо кесиптер колледжи бир катар артыкчылыктары менен айырмаланат:

✔заманбап материалдык-техникалык база жана мыкты жабдылган лабораториялар;

✔компьютердик класстар жана санариптик ресурстар;

✔практикага багытталган билим берүү системасы;

✔тажрыйбалуу жана кесипкөй окутуучулар курамы;

✔өндүрүштүк практикалардан өтүү мүмкүнчүлүгү;

✔иш берүүчүлөр менен кызматташтык байланыштар.

Бүтүрүүчүлөрдүн
келечеги — кең мүмкүнчүлүктөр!

Колледжди ийгиликтүү аяктаган бүтүрүүчүлөр өз адистиги боюнча ишканаларда, мекемелерде иштөөгө толук даяр болуп чыгышат. Ошондой эле алар жогорку окуу жайларда билимин улантып, кесиптик деңгээлин жогорулатууга мүмкүнчүлүк алышат.

“АЛДЫҢКЫ КОЛЛЕДЖДЕРДИН САП БАШЫНА ЧЫКТЫК!”

Бүгүнкү бүтүрүүчү – бул эртеңки кесипкөй адис, коомдун өнүгүшүнө салым кошкон инсан.

Эгер сиз заманбап технологияларга кызыгып, келечекте талап кылынган адис болууну кааласаңыз, өз мүмкүнчүлүктөрүңүздү кеңейтүүнү максат кылсаңыз — анда STEM колдонмо кесиптер колледжи сиз үчүн туура тандоо!

Окуу формасы жана шарттары

Колледжде окуу күндүзгү жана сырткы формада жүргүзүлөт.

✔9-класстын базасында окуу мөөнөтү – 2 жыл 10 ай;

✔11-класстын базасында күндүзгү – 1 жыл 10 ай, ал эми сырткы бөлүмдө – 2 жыл 6 ай.

Окуу бюджеттик жана контракттык негизде жүргүзүлөт, бул абитуриенттерге өз мүмкүнчүлүктөрүнө жараша билим алууга шарт түзөт.

 

Кошумча маалыматтар менен www.kumu.kg

сайтынан тааныша аласыз.

Бөлүшүү

Комментарийлер