Алай районундагы мектеп окуясы боюнча министрлик тарабынан чара көрүлдү

  • 24.04.2026
  • 0

Агартуу министрлиги Ош облусунун Алай районунун Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн Мурдаш айылындагы А. Жээнбеков атындагы № 34 жалпы билим берүү мектебинде 2026-жылдын 22-апрелинде ата-энелер жана мугалимдердин ортосундагы болгон окуя боюнча Алай райондук билим берүү бөлүмүнө бул окуя боюнча комиссия менен текшерүү иштерин жүргүзүп, ыкчам тиешелүү чара көрүү тапшырмасы берилген.

Алай районундагы мектеп окуясы боюнча министрлик тарабынан чара көрүлдүТериштирүү учурунда 2026-жылдын 21-апрель күнү (кечки саат 20-21лер чамасында) 9-10-класстын окуучулары айыл сыртында пикир келишпестиктерин чечүү максатында жолугушуу уюштурууну көздөшүп, мугалимдер маалыматты кабыл алаары менен окуучуларды өз учурунда үйлөрүнө таркатууга жетишишкен. Таркатуу учурунда мугалимдер окуучулардын колдорунан тартып, түртүп кетиришкендиктен, 22-апрель күнү ата-энелер мугалимдерге окуучулардын булчуң эттери ооругандарына нааразычылыгын билдирип келишкендиктен пикир-келишпестиктер орун алган.

Текшерүү иштери мугалимдердин жана 9-10-класстын ата-энелеринин катышуусунда жүргүзүлгөн.

Териштирүүнүн жыйынтыгында аталган мектептин окуу бөлүмүнүн башчысына (Б.Р.) жана тарбия иштери боюнча директордун орун басарына (Б.А.) жана мугалимге (К.у.Р.) “сөгүш” тартиптик жазасы берилди.

Республиканын бардык аймактарында жайгашкан жалпы билим берүү мектептеринде зомубулуктун, укук бузуулардын алдын алуу боюнча профилактикалык ишти тиешелүү мамлекеттик органдардын катышуусу менен өткөрүүнү күчөтүү боюнча тапшырмалар берилди.

Бөлүшүү

Комментарийлер