Alatoo Hub Battle – 2026: инновациялардын чыныгы таймашы өткөн жер

  • 14.04.2026
  • 0

2026-жылдын 8-апрелинде “Ала-Тоо” Эл аралык университетинде «Alatoo Hub Battle – 2026″ студенттик стартаптардын чемпионаты өттү. Бул иш-чара Кыргызстандагы ар кайсы университеттерден келген 35 команданы бириктирип, алардын ичинен 15 команда колледждерден келишти.

АЭУнун ректору, э.и.к., доцент Назира Эсеналиева өз сөзүндө студенттик стартаптарды өнүктүрүүнүн жаштарда ишкердик ой жүгүртүүнү калыптандыруудагы маанисине токтолду. Ошондой эле мындай демилгелер инновациялык идеяларды ишке ашырууга шарт түзүп, билим берүү менен бизнес чөйрөсүнүн байланышын бекемдээрин белгиледи. Мындан тышкары стартаптарды колдоо экономиканын өнүгүшүнө жана атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоого чоң салым кошору айтылды.

Alatoo Hub Battle 2026 – идеядан баштап ишке ашырууга чейинки жолду өтүүгө мүмкүнчүлүк берген, студенттик ишкердикти жана стартап-экосистеманы өнүктүрүүгө багытталган уникалдуу аянтча. Эң мыкты долбоорлор каржылоо жана эксперттик колдоо алышат.

Иш-чаранын уюштуруучусу АЭУнун инновациялык иштеп чыгуулар жана изилдөөлөр борборунун директору жана студенттик стартап-экосистеманы өнүктүрүүнүн негизги драйверлеринин бири Радмир Гумеров болду.

Alatoo Hub Battle – 2026: инновациялардын чыныгы таймашы өткөн жер

“Бул жөн гана питчинг үчүн аянтча эмес, бул – инновациялардын чыныгы таймашы. Келечекте бул демилгени улантып, аны университет ичинде гана эмес, бүткүл Кыргызстан боюнча стартап-экосистеманы өнүктүрүүнүн стимулуна айландырууну пландап жатабыз.

Бул платформада келечекте ийгиликтүү стартаптар пайда болуп, капиталдаштыруу баасы 1 миллиард доллардан ашкан, башкача айтканда “unicorn” компанияларга айланышат деп ишенебиз. АЭУдан башталган бул платформа башка жогорку окуу жайларда да өтүп, өлкөбүздүн жана дүйнөнүн келечегин түзүүгө биргелешкен күч катары кызмат кылат деген ишеничтебиз.

Студенттер  биздин келечегибизал эми алардын аркасында технологиялардын келечеги турат”– деп белгиледи Радмир Гумеров.

Иш-чаранын негизги бөлүгү стартаптардын питчинги болду. Бул бөлүктө командалар өздөрүнүн инновациялык долбоорлорун сунуштап, эксперттик калыстар тобунун суроолоруна жооп беришти.

Студенттик стартаптарды баалоо процессине калыстар тобунун мүчөсү катары катышып, алардын долбоорлорун баалоо мен үчүн чоң сыймык болду. Бүгүн көптөгөн кызыктуу долбоорлорду көрдүк, алардын ичинде айыл чарба тармагындагы технологиялык жана санариптик чечимдер, ошондой эле көрүүсү бузулган адамдарды колдоого жана алардын шаардык чөйрөгө ыңгайлашуусуна багытталган демилгелер бар.

Маанилүү иш-чарага чакырып, катышууга мүмкүнчүлүк бергениңиздер үчүн ыраазычылык билдирем”, – деп белгиледи КРдагы жаштар ишкердиги боюнча эксперт Гульбарчин Суюнова.

Чемпионаттын алкагында студенттик стартаптарды баалоо үчүн өз тармагында алдыңкы эксперттер калыстар тобуна чакырылды. Алардын кесиптик тажрыйбасы жана калыс мамилеси стартаптарды ар тараптуу жана сапаттуу баалоону камсыз кылды.

Чемпионаттын экинчи бөлүгүндө “Кыргыз Республикасынын стартап-экосистемасын өнүктүрүүдө университеттердин ролу” аттуу панелдик талкуу өттү. Ага Назира Эсеналиева, Салкынай Эмильбекова, Айжана Алишерова, Гульбарчин Суюнова жана Айтемир Мудинов катышып, модератор Радмир Гумеров болду.

Талкуунун жүрүшүндө эксперттер университеттер студенттик стартаптарды колдоо үчүн киргизе ала турган инструменттерди талкуулашты. Алардын катарына инвестиция тартуу, инфраструктураны өнүктүрүү, ошондой эле бизнес жана өнөр жай менен натыйжалуу кызматташуу маселелери кирди.

Чемпионатка катышкан 35 команданын ичинен финалга эң күчтүү 10 стартап долбоор чыкты. Финалдык раунддун жыйынтыгында калыстар тобу 5 команданы тандап, ар бирине 1000 АКШ доллары өлчөмүндө акчалай сыйлык ыйгарды.

Номинациялар боюнча жеңүүчүлөр:
• Exponential Growth – Bilimtrack стартапы (Эл аралык Инновациялык Технологиялар Университети)
• Best Social Impact – Aalam стартапы (БААУ жана КТУ “Манас”)
• The Most Innovative – AguaGrow стартапы (АЭУ)
• Best AI Startup – AgriVision стартапы (АЭУ)
• Outstanding Pitching – Bilimtube стартапы (БААУнун Инновациялык колледжи)

Бул долбоорлор жогорку деңгээлдеги иштелмени, инновациялуулукту жана мындан ары өнүгүү үчүн олуттуу потенциалды көрсөтүп, эксперттик калыстар тобунун баасына жана татыктуу сыйлыктарга ээ болушту.

Alatoo Hub Battle – 2026: инновациялардын чыныгы таймашы өткөн жер

AquaGrow командасынын өкүлү Байсал Керимжанов долбоорго досунун чакыруусу менен кошулганын айтып, биргеликте стартапты иштеп чыга башташкан:

Биздин долбоор  топурактын нымдуулугун көзөмөлдөп, ар бир өсүмдүккө жекече сугарууну камсыз кылган акылдуу автосугат системасы. Башкаруу Telegram-бот аркылуу реалдуу убакыт режиминде жүргүзүлөт. Мындай система менен куурап калган гүлдөрдү унутса болот!

Ошондой эле AgriVision командасынын мүчөсү Медер Сакыбаев команда дрондор аркылуу талааларды жогорку тактыктагы диагностика менен текшерип, кол менен текшерүүнү алмаштырган бакчаларды көзөмөлдөө үчүн жасалма интеллект платформасын түзүүгө умтулганын бөлүштү:

“Өлкөбүздө айыл чарба активдүү өнүгүп жатат, бирок дагы деле көптөгөн көйгөйлөр бар, – деди  ал. “Өсүмдүктөрдүн ооруларын түшүмгө зыян келтиргенге чейин аныктап, жоготуулардын алдын алуу чечимин таптык.”

Эл аралык Инновациялык Технологиялар Университетинин командасы Bilimtrack окуу жайлар үчүн түзүлгөн санарип экосистемасын сунуштады. Ал катышууну көзөмөлдөө, баалар, сабактардын графиги, аналитика жана студенттик жашоого байланышкан инструменттерди бир колдонмого бириктирет.

Жеңүүчүлөр белгилешкендей, Alatoo Hub Battle алар үчүн жөн гана стартап-таймаш эмес, долбоорду өнүктүрүүдөгү маанилүү этап болду. Команда эксперттерден баалуу пикирлерди алып, жаңы идеяларга ээ болушту. Бул алардын кийинки ишине күчтүү түрткү берди.

Мындан тышкары, иш-чара жаңы тааныштар, өнөктөштүктөр жана стартапты өнүктүрүү үчүн керектүү ресурстар менен камсыз болууга мүмкүнчүлүк түздү. Bilimtrack үчүн чемпионатка катышуу олуттуу алдыга кадам болду.

Ошондой эле БААУнун Инновациялык колледжинин командасы өз долбоору тууралуу сөз кылып, төмөнкүлөрдү белгиледи:

Bilimtube – бул 4 жаштан 13 жашка чейинки балдар үчүн билим берүүчү видео платформа. Биз балдарга көнүмүш болгон форматтарды – YouTube Shorts, Instagram Reels жана TikTok сыяктуу кыска видеолорду колдонуп, жөнөкөй “скроллингди” өнүгүүгө багытталган куралга айлантабыз. Ошентип, билим берүү менен көңүл ачууну бириктиребиз”.

Катышуучулар уюштуруучуларга терең ыраазычылык билдиришти:

“Биз үчүн иш-чара укмуштуудай тажрыйба болду – эксперттерден баалуу билим жана пикир гана албастан, долбоорлорубузду өнүктүрүүгө чоң дем-күч алдык. Масштабдуу жана маанилүү иш-чаранын бир бөлүгү болууга мүмкүнчүлүк бергениңиздер үчүн чоң рахмат!”

АЭУ бардык эксперттерге, калыстар тобунун мүчөлөрүнө жана студенттерге баалуу идеялары жана активдүү катышуусу үчүн ыраазычылык билдирет.

Уюштуруучулар иш-чаранын өнөктөштөрү Демир Банкка жана Бакай Банкка каржылык колдоосу үчүн, ошондой эле АБанк, Geeks жана Технопаркка чемпионаттын катышуучуларына берилген баалуу сыйлыктар үчүн өзгөчө ыраазычылыгын билдирет.

Мындай демилгелер стартап маданиятынын өнүгүшүнө жана күчтүү ишкердик коомчулуктун калыптанышына өбөлгө түзөрүнө ишенебиз. Алар жаштардын арасында инновациялык ой жүгүртүүнү камсыздап, улуттук жана эл аралык деңгээлде келечектүү долбоорлордун жаралышы жана өсүшү үчүн жагымдуу шарттарды түзөт.

Бөлүшүү

Комментарийлер