АЛАМҮДҮНДӨ АВГУСТ КЕҢЕШМЕСИ ӨТТҮ

  • 23.08.2023
  • 0

“Санариптик билим берүү платформасы жана жашыл көндүмдөр” девизинин алдында өткөн Аламүдүн районунун педагогикалык кызматкерлеринин август кеңешмесинде жаңы окуу жылына карата сапаттуу оңдоп-түзөө иштерин жүргүзгөн мектеп жана бала бакча мекемелери сыйланды.

Чүй облусунун Аламүдүн райондук билим берүү бөлүмүнүн усулдук кабинет башчысы Чолпон Тентимишеванын айтымында, акыркы жылдары райондун билим берүү мекемелеринде мыкты прогресстик өсүүлөр байкалууда. Билим берүү тармагынын туруктуу өнүгүшүнө райондук администрация жетекчилиги жеринен жакшы колдоо көрсөтүп келет. Билим берүү мекемелерине көрсөтүлүп келаткан материалдык жана моралдык жардамдардын натыйжасында, райондун мугалимдери жана окуучулары акыркы 2-3 жылда катары менен “Жылдын мыкты мугалими” облустук конкурсунда алдыңкы байгелүү орундарга жетишүүдө. Ошондой эле “Алтын тамга” артыкчылык аттестатына ээ болгон балдардын да саны өсүп келатканы (быйыл төрт окуучу алды) кубандырат. Ал эми Маевка айылындагы мектептин окуучусу Диана Сабырбекова ЖРТ жыйынтыгы боюнча 221 балл топтоп, райондо 1-орунду ээледи.

АЛАМҮДҮНДӨ АВГУСТ КЕҢЕШМЕСИ ӨТТҮ

Жаңы окуу жылына карата райондогу дагы бир жагымдуу жаңылык – Пригородное айыл өкмөтүндө бир жаңы мектеп ачылса, ошол эле аймакта бир кошумча имараттын курулушу аяктап, Чоң-Таш айылында бир жаңы бала бакча ачылуу алдында турат.

Жалпысынан алганда, Аламүдүн району боюнча 2023-2024-окуу жылында 48 мектеп жана 49 мектепке чейинки билим берүү мекемеси иштей баштамакчы.

Жыйындын соңунда жаңы окуу жылына карата эң сапаттуу ремонт иштерин жүргүзгөн мектеп жана бала бакча директорлору билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитети тарабынан акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Сыйлангандар арасында Мраморное мектеби, Т.Актанов атындагы Кашка-Суу мектеби, Октябрьское мектеби, Бердыбеков атындагы мектеп жана Ак-Булак, Ак-Шоокум, Алтын бешик бала бакчалары бар.

 

А.Кашыбаева,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер