Аламүдүн районунун Арашан капчыгайында россиялык жаран парапландан кулады
- 21.08.2023
- 0
Аламүдүн районунун Арашан капчыгайында россиялык жаран парапландан кулады. Бул тууралуу Өзкөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Мекеменин маалыматына ылайык, кечээ түнкү саат 23:55те 48 жаштагы киши параплан менен учуп баратып кулаганы тууралуу ӨКМге маалымат түшкөн. Жерине издеп-куткаруу иштерине ӨКМдин Чүй облустук башкармалыгынын офицери Улан Абдраимовдун жетекчилиги менен Аламүдүн райондук ӨКБдан 4 куткаруучу чыккан.
Куткаруучулар жабыркаган кишини бүгүн эртең менен тоодон алып түшүп, «Тез жардамга» өткөрүп беришкен.
Бөлүшүү
Комментарийлер