АЛАМҮДҮН РАЙОНУНДА АЛДЫҢКЫ МУГАЛИМДЕР ЖАНА ОКУУЧУЛАР СЫЙЛАНДЫ

  • 25.05.2023
  • 0

АЛАМҮДҮН РАЙОНУНДА АЛДЫҢКЫ МУГАЛИМДЕР ЖАНА ОКУУЧУЛАР СЫЙЛАНДЫАламүдүн районундагы мектептер 2022-2023-окуу жылын ийгиликтүү аяктады. Кызыл аттестатка жалпы район боюнча төрт окуучу ээ болуп, алардын ар бирине 50 000 сом,  даярдаган мугалимдерге материалдык сыйлык тапшырылды.

“Акыркы коңгуроо” салтанатына Аламүдүн раймамадминистрациясынын башчысы Тешебаев Мурадин, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Усеналиев Марат , Ала-Арча айыл өкмөтүнүн башчысы Ниязова Гүлкайыр, Мрамор жалпы билим берүү орто мектебинин директору Өзгөрүшова Керээзгүл жана башка коноктор катышты.

“Жыл мугалими 2023” сынагында райондо биринчи орунду  жана облустук турда үчүнчү орунду ээлеген Мрамор мектебинин башталгыч класстар мугалими Казакбаева Заринага Аламүдүн раймамадминистрациясынын башчысы М.Дж.Тешебаев жеңил унаа тапшырды.

АЛАМҮДҮН РАЙОНУНДА АЛДЫҢКЫ МУГАЛИМДЕР ЖАНА ОКУУЧУЛАР СЫЙЛАНДЫ

Бөлүшүү

Комментарийлер