АЛА-ТООЛУК АЙСАДАНЫН ИЛИМ ОЛИМПИНДЕГИ ИЙГИЛИКТЕРИ
- 14.05.2025
- 0
Айсада Учугонова-Коениг – Kыргызстанды эл аралык илимий коомчулукта тааныткан окумуштуу, биомедицина илимдеринин доктору, профессор. Европанын илимий даражасынын эң жогорку чеги — xабилитация титулуна ээ болгон биринчи кыргыз кызы.
Ал илимий чөйрөдө биофотоника, генетикалык инженерия, нанохирургия, лазердик био-медициналык технология багытында чон ийгиликтерге жетишкен. Өзөк клеткалары жана мультифотон томографиясы боюнча бирден-бир эксперт. Учурда ал Германияда Саарланд университетинде академиялык кеңешчи жана лектор. Ошондой эле жогорку технологиялык «JenLab» биомедициналык фирмасынын илимий директору.
Айсаданын артыкчылык аттестаттары ачкан жол
Айсада 1977-жылы Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районундагы Чолок-Кайың айылында интеллигенттердин үй-бүлөсүндө туулуп-өскөн. Айылындагы Б.Календеров атындагы орто мектебин артыкчылык аттестаты менен аяктаган соң, Бишкектеги медициналык орто окуу жайында окуп, аны да кызыл диплом менен бүтүргөн. 2003-жылы Кыргыз улугтук университетинин биомедицина боюнча магистрдик даражасын да артыкчылык диплом менен жактаган соң, Улуттук кардиология борборунда, молекулалык биология жана медицина институтунда академик Алмазбек Алдашевдин жетекчилиги алдында үч жылдай илимий кызматкер болуп иштеген. Айсада эл аралык деңгээлдеги окумуштуу Алмаз Алдашевди өзүнүн устаты деп билет. Алгач Германияга ДААД программасына илимий долбоор жазып, стипендия утуп алып, илимий ишин жактоо максатында Германиядагы эң чоң илимий мекемелердин бири Fraunhofer IBMT институтунда иштейт. Долбоордун мөөнөтү бүткөндө ага ал жерде калып иштөө сунушу түшкөндө, өзүнүн көптөн берки максатын ишке ашырууга бел байлап, биофотоника, өзөк клеткалары, генетикалык инженерия жана нанохирургия багытында тынымсыз изилдөө иштери менен алектенүүсүн улантууга киришет. Айсаданын апасы 53 жашында онкология илдетине кабылып, ырайымсыз ажалга алдыргандан бери көкүрөгүндө ушул ооруга каршы дабаа издеп табуу максаты бекем орноп калган эле. Илимий иштерин үзгүлтүккө учуратпоонун жолун тынымсыз издеген өжөр кыз Германиянын Илимий Изилдөө Коомунун (Deutsche Forschung Gemienschaft, DFG) “Kаржылоо грантын” төрт жолу утуп алган.
2009-жылы Германияда докторлук ишин “magna cum laude” (“эң жакшы”) баага жактаган. Докторлук ишинде Айсада нанотехнологиянын жетишкендиктерин, өзөк клеткаларын диагностикалоонун жана дарылоонун жаңы жолдору боюнча жактаган. Бул иши ал АКШда «Фотоник Вест» сыйлыгына татыктуу болот. АКШдан чакыруу алып, постдокторлук ишин АКШда, Калифорния штатында, Сан-Диего Университетинде (University of California San Diego) жүргүзгөн. 2012-жылы өзөк клеткаларын репрограммалаштыруу боюнча Евросоюздук технологиялык долбоорду (Key Technology Project) утуп алып Германияга кайтып келген. 2022-жылы Европа мамлекеттеринин илимий даражанын жеткен чеги — Хабилитация титулуна ээ болгон.
“Кут Билимдин” сыймыктуу каарманы
Биздин окурмандарыбыздын эсинде бар чыгар, Айсада Учугонова жөнүндө мындан бир нече жыл мурда “Кут Билимге” макала жарык көргөн эле. Анда Германияда илим жолуна жаңы түшкөн кыздын келечегинен көптү үмүттөнүп, дагы көптөгөн илимий ачылыштарды ачып, далай-далай ийгиликтерге жетишине тилектештигибизди билдиргенбиз. Айткандай эле жаңылбаптырбыз, Нарындын намыскөй, эмгекчил кызы биз күткөндөн да ашкан ачылыштарды жаратып, илимде эле эмес, эл аралык коомдук иштерге активдүү катышып келатканына күбөбүз. Анын ысмы соцтармактарда жарк этип чыга калганда, ириде кыргыздын ушундай кыйын кыздары үчүн көкүрөгүбүздү зор сыймыктануу сезими ээлейт.
Айсаданын бир тууган эжеси, журналист, коомдук ишмер Гүлмайрам Учугонова менен баарлашканыбызда, ал сиңдисинин акыркы ийгиликтери менен бөлүштү.
— Айсада тээ бала кезинен тыкан, алдыга максат койгонду билген, китеп көп окуган намыскөй кыз эле. Азыр чет өлкөлөрдө окуп, иштеген кыргыздар, айрыкча кыздар көбөйүп калбадыбы. Айсада мындан 20 жылдай мурда Германияга кеткенде, анын алыска кеткенине тынчсызданып жүрдүк, а бирок биринен сала бирин жараткан ийгиликтерин угуп, билгенден кийин сыймыктанып калчубуз. Ал чет жакта жашап, үй-бүлө күтүп, баш айланткан ийгиликтерге жетишип жүрсө да, өзү туулуп-өскөн айылынан кол үзбөй, ар кандай долбоорлорго активдүү катышып, демөөрчүлүк көрсөтүп келет. Биздин үй-бүлө түзгөн Базира Миталипова атындагы коомдук фонду кандай демилге көтөрбөсүн, колдоп, айыл турмушунан кабар алып турат, – дейт эжеси Гүлмайрам.
Профессор А.Учугонованын учурда 85тен ашуун илимий эмгектери, макалалары Америка, Япония, Европа өлкөлөрүндөгү pецензияланган илимий журналдарда жарыяланган. Оптикалык методдор менен өзөк клеткаларын кайра программалоо боюнча патенттин ээси.
Андан тышкары, Айсада эл аралык илимий журналдардын рецензенти (Мисалы: Biomedical Optical Express, Journal of Biomedical Optics, Journal of Biophotonics, Journal of Selected Topics in Quantum Optics, Methods, Optics Express, Research and Reports in Biology ж.б.)
Ошондой эле, дүйнөлүк эл аралык илимий конференцияларда лектор катары илимий баяндамаларды жасап, дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө өзүнүн изилдөөлөрүн бөлүшүп келет. Алсак, Фотоника инженерлердин SPIE эл аралык уюмунун BiOS конференциясынын төрайымы (SPIE BiOS, Сан-Франциско, АКШ); FOM (Микроскопияга фокус); AAD (Америка дерматологдор академиясы); Биофотониканын актуалдуу көйгөйлөрү (Россия); FLIM (Германия); ECBO (Европа биомедициналык оптика конференциясы); ICHSIP30 (Жогорку ылдамдыктагы сүрөттөр жана фотоника боюнча эл аралык конгресс, Түштүк Африка) ж.б. Профессордун лекцияларына АКШ, Европа жана Азиядагы алдыңкы университеттер жана илимий институттар (Massachusetts Institute of Technology — Сингапур, Изилдөө жана Технологиялар Альянсы, Нижний Новгород мамлекеттик медициналык академиясы (Россия), Жүрөк-кан тамыр өзөк клеткаларын изилдөө борбору, Калифорния университети, Лос-Анжелес (UCLA), АКШ) сыяктуу жогорку окуу жайларынын угуучулары күбө болгон.
Учурда Айсада Европанын алдыңкы 8 университетине кошулуп, өзөк клеткаларын өстүрүү, териден фибробласттарды алып, андан кайра жүрөктүн ритми менен согуучу булчуң клеткаларын – кардиомиоциттерди жасоо жана аларды изилдөөгө жаңы технология ойлоп табуу боюнча илимий долбоорлор менен алектенүүдө.
— Өзөк клеткалары – бул биздин организмдеги уникалдуу клеткалар. Аны бөлөк жаңы клеткаларга айландырса, көптөгөн ооруларга даба, алсак, Паркинсон, Альцгеймер сыяктуу ооруларды дарылаганга болот, ошондой эле инфаркт алган адамдын жүрөгүн калыбына келтирүүчү потенциалга ээ. Жаңы төрөлгөн ымыркайлардын киндик каны өзгөчө баалуу: чет өлкөлөрдө аны тоңдуруп сактап коюшат. Керек болсо, ошол клеткалар менен ооруну дарылоо мүмкүн. Мен мындай борборлордун Кыргызстанда да ачылышын каалайт элем. Тоңдурулган өзөк клеткалары башкаларга да донор катары колдонулат. Келечекте бул ыкма менен рак, жүрөк кан тамыр ооруларын дарылап, инфаркттан кийин калыбына келтирүү потенциалы бар. Бул ыкма менен лейкозду дарылоо азыр стандартташтырылган, ал эми башка ооруларды дарылоо азырынча эксперимент этабында, — дейт профессор А.Учугонова.
Демек, анын алдыда аткара турган иштери али арбын. Ал азыркы учурда жолдошу, профессор Карстен Коениг негиздеген фирмада илимий изилдөөлөрдү жүргүзөт. Бул “JenLab” фирмасы Германияда «Жылдын новатору– 2023» жана АКШнын «Призм — 2024» сыйлыгын утуп алган. Терини изилдеген жогорку технологияларды өндүрүшөт жана дүйнөдөгү алдыңкы бренддер Chanel, L´Oreal, Shiseido, P&G, Beiersdorf, Johnson&Johnson ж.б. менен тыгыз кызматташат.
Ала-тоолук кыздын альпинизмге арзуусу
Илимден тышкары, Айсада Асановна альпинизм жана спорт менен да активдүү алектенет. Бош убактыларында альпинизм, узак аралыкка чуркоо, сууда сүзүү менен машыгат. Ал дүйнөнүн бир нече бийик чокуларына чыккан. Ушул жылы, т.а. 2025-жылы Түштүк Американын эң бийик чокусу – Аконкагуаны (6961 м) багындырган биринчи кыргыз кызы болду. Андан тышкары, Айсада багындырган чокулар Грузиянын Казбек чокусу (5054 м), Швейцариянын Маттерхорн чокусу (3883 м), Австриянын эн бийик чокусу Гросглокнер (3800 м), Германиянын эн бийик чокусу Цугшпитце (3000 м), Вьетнамдын эн бийик чокусу Фансипан (3150 м) жана Кыргызстандын Эңилчек жана Ак-Сай мөңгүлөрү (3800-4000 м).
Айсада төрт тилде эркин сүйлөйт жана дүйнөлүк маданиятка терең кызыгат. Ал алты континенттеги 80ден ашуун өлкөгө саякаттап, ар кайсы элдердин тарыхын, маданий мурастарын жана жашоо образын изилдөөгө өзгөчө көңүл бурат.
Айсада Учугонова – Кыргызстандан чыккан, илимде эл аралык таанымал уникалдуу окумуштуу айым. Анын жетишкендиктери Кыргызстандын жаңы муундарына үлгү болуп, шыктандырары талашсыз. Илимий чөйрөдө гана эмес, спорт, альпинизм тармагында да бийиктиктерди багындырып келаткан сыймыктуу кызыбыздын дагы-дагы көптөгөн ийгиликтерге жетише беришине тилектештигибизди билдиребиз.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”
Комментарийлер