«АЛА-ТООДОН ААЛАМГА ҮН САЛГАН АЙТМАТОВ»

  • 13.12.2021
  • 0

Ушундай аталыштагы кызыктуу иш-чара Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата өткөрүлдү.

"АЛА-ТООДОН ААЛАМГА ҮН САЛГАН АЙТМАТОВ"

«Ала-Тоодон ааламга үн салган Айтматов» адабий кечесине Бишкек шаарындагы «Дордой» конушунда жайгашкан №94 орто мектептин окуучулары активдүү катышып, уюштуруучулар тарабынан грамоталар менен сыйланды. Майрамдык иш-чарага Бишкек шаарындагы башка мектептер да катышты. Бирок адабий кеченин көркүн ачкан дордойлук окуучулар болду.

"АЛА-ТООДОН ААЛАМГА ҮН САЛГАН АЙТМАТОВ"

— Биздин мектептин атын чыгарып, «Ала-Тоодон ааламга үн салган Айтматов» аттуу адабий кечеде мактоо баракчаларына ээ болгон мугалимге, окуучуларга мындан ары да ийгиликтерди каалайм! — дейт насаатчы мугалим Буайша Назарбекова.

"АЛА-ТООДОН ААЛАМГА ҮН САЛГАН АЙТМАТОВ"

Айтматовдун чыгармалары боюнча ушундай таасирдүү сахналык көрүнүштөрдү мектептин тарых мугалими Айдаров Курманбек даярдады.
Бул күнү залкар жазуучунун туулган күнүнө арналган ачык сабактар мектептин баардык класстарында өтүлдү.

А.Алибеков, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер