“Ала-Тоо жазы” фестивалы: КМТУ гран-при ээси

  • 15.04.2025
  • 0
Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин студенттери  Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулган “Ала-Тоо жазы” республикалык жаштар фестивалында Гран-при наамын жеңип алды.
“Ала-Тоо жазы” фестивалы: КМТУ  гран-при ээси
Аталган фестивалга өлкө боюнча 24төн ашуун жогорку окуу жайларынын командалары катышып, студенттердин чыгармачылык жөндөмдөрү, сахнадагы өнөрү жана биримдиги сынакка коюлду.
КМТУнун командасы жогорку деңгээлдеги даярдыгы жана өзгөчө таланттары менен айырмаланып, сынактын баш байгесине — 300 000 сомдук сыйлыкка ээ болду..
“Ала-Тоо жазы” фестивалы: КМТУ  гран-при ээси
Иш-чаранын негизги максаты — жаштардын чыгармачылык дараметин колдоо, маданият жана өнөр аркылуу достукту чыңдоо, ошондой эле таланттуу жаштарды коомчулукка таанытуу болуп саналат.
КМТУнун жетекчилиги студенттерди чын жүрөктөн куттуктайт!
Бул жеңиш — университеттин гана эмес, бүтүндөй студенттик коомчулуктун чоң жетишкендиги. КМТУ ар дайым жаштардын демилгелерин колдоп, талантты өстүрүүгө багытталган иштерди уланта берет.
Бөлүшүү

Комментарийлер