“Ала-Тоо Resort” КМТУ менен кызматташууга кызыкдар

  • 05.06.2025
  • 0
 3-июнда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу “Ала-Тоо Resort” мамлекеттик ишканасынын директору Жаркынбек Максутов Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине келип, профессордук-окутуучулук курам менен жолугушуп, “Үч чоку” туристтик долбоору боюнча презентация өткөрдү.
“Ала-Тоо Resort” КМТУ менен кызматташууга кызыкдар
Белгилүү болгондой, бул долбоор буга чейин “Кыргыз Куршевель” деген ат менен белгилүү болгон. Бүгүнкү күндө ал мамлекеттик деңгээлде “Ала-Тоо Resort” мамлекеттик ишканасы аркылуу ишке ашырылып жатат. Азыркы этапта өзгөчө көңүл үчүнчү чокунун өнүктүрүлүшүнө бурулууда.
Презентациянын жүрүшүндө Жаркынбек Максутов долбоордун максаттары, өнүгүү багыттары жана инфраструктуралык чечимдер тууралуу кеңири маалымат берип, КМТУ менен илимий-техникалык жана адистик кызматташтыкка даяр экенин белгиледи. Ошондой эле окутуучулардын пикирлерин жана сунуштарын угуп, биргелешкен аракеттердин мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады.
Иш-чарага КМТУнун төмөнкү институттарынын өкүлдөрү жана профессордук-окутуучулук курамы активдүү катышты:
– Архитектура жана дизайн институту
– Энергетика институту
– Экономика жана бизнес жогорку мектеби
– Логистика жогорку мектеби
– Кыргыз-Герман техникалык институту (КГТИ)
– Кыргыз инженердик-курулуш институту (КИСИ)
– жана башка окуу жана илимий бөлүмдөр.
Жолугушууну университеттин ректору Мирлан Чыныбаев ачып, «КМТУ мамлекеттик ири долбоорлордо илимий жана адистик ресурстарын багыттоого ар дайым даяр. Биз туруктуу өнөктөштүккө жана биргелешкен ишке ачыкпыз» — деп билдирди.
“Ала-Тоо Resort” КМТУ менен кызматташууга кызыкдар
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар тыгыз кызматташтыкты улантуу боюнча макулдашышты. КМТУ бул өлкө үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон долбоорду ишке ашырууда илимий коштоо, эксперттик колдоо жана кадрларды даярдоо жагынан толук көмөк көрсөтөт.
Бул жолугушуу жогорку билим берүү менен мамлекеттик сектордун ортосундагы кызматташтыкты бекемдеп, туризм жана инфраструктура тармактарындагы улуттук долбоорлорду ишке ашырууда илим менен практиканын байланышын чыңдоого багытталган маанилүү кадам болду.
Бөлүшүү

Комментарийлер