“АЛА-ТОО” ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНДЕ АНГЛИС ТИЛИНДЕ ЖОГОРКУ БИЛИМ АЛ!
- 20.05.2025
- 0
“Ала-Тоо” Эл аралык университети (АЭУ) – Борбор Азиядагы алдыңкы эл аралык университеттердин бири. Анда дүйнөнүн 40 өлкөсүнөн 3 000ден ашык студент билим алат. Окуу жай бүгүнкү күндө Кыргызстан жана Борбор Азияда англис тилинде билим берип, өзүнчө бөлүмдөрдүн студенттерине немис, француз, кытай, жапон жана корей тилдерин окууга мүмкүнчүлүк берет.
Акыркы чейрек кылымда АЭУ өнүгүүнүн көп этабын басып өттү: студенттердин контингентин көбөйтүү, жаңы академиялык программаларды ачуу, кампусту кеңейтүү, ошондой эле аталышын, түзүмүн жана өнүгүү стратегиясын өзгөрттү, мунун аркасында Кыргызстандын билим берүү жана агартуу ишмердүүлүгү менен тыгыз байланыштуу болгон илимий мекеменин ордун бекемдеди. Бишкекте АЭУ анык эл аралык деңгээлдеги университетти түзүү борбор калаанын өнүгүшүнүн гана эмес, өлкөбүздүн илим-билим берүү дараметинин ийгиликтүү өзгөрүшүнө маанилүү түрткүлөрдүн бири болуп калды. 1996-жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан “Сапат” Эл аралык билим берүү мекемеси менен биргеликте “Ала-Тоо” Эл аралык университети – эл аралык деңгээлдеги Борбор Азиянын алгачкы коммерциялык эмес изилдөө университети катары түзүлгөн. Ишмердүүлүгүнүн башатынан тартып АЭУ англис тилинде окутуу менен эл аралык билим берүү моделин тандаган.
Бүгүнкү күндө АЭУ төрт академиялык факультеттен, үч институттан, бакалавр багыты боюнча 19 академиялык программадан, магистратура багыты боюнча 10 академиялык программадан, аспирантура боюнча алты программадан жана докторантура (Ph.D) үч программадан турат.
АЭУ Европа, АКШ, Германия, Түштүк Корея, Франция жана Италия жана башка 100дөн ашык чет өлкөлүк өнөктөш ЖОЖдор менен эки тараптуу келишимдерге ээ. Окуу жай “Erasmus +” жана “Fulbright” эл аралык алмашуу программалары менен иштөө боюнча лидер болуп саналат, бул жемиштүү эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет. Эл аралык программалар 2-3-курстун студенттерине өнөктөш ЖОЖдордо төрт айдан бир жылга чейин билим алууга мүмкүнчүлүк берет. Аталган программалар студенттерге алмаштырылгыс тажрыйба топтоого, билимин байытууга жана маданий сабаттуулугун кеңейтүүгө мүмкүндүк берген көп улуттуу чөйрөнүн эшигин ачат.
АЭУдан билим алган студенттер үчүн эки дипломго ээ болуу – АЭУ диплому жана алты эл аралык ЖОЖдун биринен берилген эл аралык аккредитациясы бар эл аралык үлгүдөгү диплом менен аяктоо мүмкүнчүлүгү бар.
— North American University (АКШ, бакалавр)
— Hof University of Applied Sciences (Германия, бакалавр)
— SolBridge International School of Business (Түштүк Корея, бакалавр)
— Inha University (Түштүк Корея, бакалавр)
— Bialystok University, (Польша, бакалавр)
— University of Clermont Auvergne, (Франция, магистратура)
— University of Applied Sciences of Zwickau (Германия, магистратура)
Эл аралык аккредитацияга ээ болгон кош диплом системасынын аркасында бүгүнкү күндө университеттин бүтүрүүчүлөрү дүйнөнүн алдыңкы компанияларында жана уюмдарында: АКШ, Улуу Британия, Австралия, Германия, Польша, Чехия, Нидерландия, Орусия, Афганистан, Египет, Индия, Бириккен Араб Эмираттары, Венгрия, Канада, Казакстан, Пакистан жана башка көптөгөн өлкөлөрдө иштешет.
АЭУ чейрек кылымдык тарыхында Кыргызстандын, Борбор Азиянын жана дүйнөнүн гүлдөп өнүгүшү үчүн жигердүү эмгектенген 4 500дөн ашык ийгиликтүү кесипкөй адистерди даярдады. Анын бүтүрүүчүлөрү Facebook, General Electric, Verizon, Accenture, GenPact, Baylor Genetics, New York University in Abu Dhabi, Booking.com, Демир Кыргыз Интернэшнл Банк, БУУ, ОБСЕ, DAI Europe, Оптима Банк Кыргызстан, EPAM Systems, О! мобилдик оператору жана башка белгилүү уюмдарда эмгектенип келишет.
АЭУ студенттерге окуудагы жетишкендиктерине жана үй-бүлөлүк шартына жараша каалаган программада окууга 5%дан 100%га чейин жеңилдиктерди берет. Университетти аяктагандан кийин Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билими жөнүндө мамлекеттик диплом берилет. АЭУ – эл аралык университет катары академиялык жетишкендиктин баалуулуктарына, маданий көп түрдүүлүккө жана ачыктыкка, инновацияга, ишкердикке жана социалдык жоопкерчиликке умтулат. АЭУнун бүткүл командасы жеңишке, лидерликке жана ийгиликке багытталган, мыкты адистерди, өз тармагындагы кесипкөйлөрдү, Кыргызстандын жана Борбордук Азиянын лидерлерин даярдайт.
Мындан тышкары, АЭУнун алдында IT жана экономика багыттарында актуалдуу кесиптерди сунуштаган IT & Business Колледжи 2013-жылдын 1-сентябрынан бери өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Колледж кыска убакыттын ичинде квалификациялуу, атаандаштыкка жөндөмдүү, бир нече тилде сүйлөгөн, теориялык билимин иш жүзүндө колдоно билген, коомго кызмат кылууга багытталган кесиптик жана жеке өсүүгө даяр адистерди даярдайт.
9-класстын базасында тапшырган абитуриенттер үчүн окуу мөөнөтү — 2 жыл 10 айды түзөт. Биринчи жылдын ичинде студенттер 10-11-класстардын программасы боюнча окуп, кошумча англис тилин үйрөнүшөт жана орто кесиптик билим берүү программалары боюнча окуусун улантышат. Орто кесиптик билим берүүнү аяктагандан кийин студенттер мамлекеттик үлгүдөгү диплом алып, анын негизинде бүтүрүүчүлөр АЭУда же каалаган башка ЖОЖдо 2-курстан баштап окуусун уланта алышат. Колледждин аймагында студенттерге тиешелүү бардык шарттар түзүлгөн. IT & Business Колледж төмөнкү окуу программаларын сунуштайт:
▶ Экономика жана бухгалтердик эсеп;
▶ Маркетинг;
▶ Компьютердик системалар жана комплекстер (Компьютердик системалар боюнча техник);
▶ Эсептөө техникаларын жана автоматташтырылган системаларын программалык камсыздоо (техник-программист);
▶ Компьютердик-графикалык дизайн.
Университет беш блоктон туруп, заманбап технологиялар менен жабдылган окуу кабинеттери жана лабораториялары бар. Инновациялык медициналык жана компьютердик лабораториялар, конференц-залдар, спорт аянтчалары жана фитнес-залы, теннис корту, бий залдары, ошондой эле 22ден ашык студенттик клубдар, 45 000ден ашык китепти камтыган чоң китепкана, менчик медициналык оорукана студенттерге бай коомдук жашоону өткөрүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түзөт.
Бүгүнкү күндө Бишкекте эл аралык деңгээлдеги университеттин түзүлүшү – борбор шаарды өнүктүрүү, өлкөнүн илимий жана билим берүү потенциалын ийгиликтүү трансформациялоо үчүн эң маанилүү стимулдардын бири. Мунун баары университеттин окутуучу жана административдик жамаатынын биргелешкен түйшүктүү эмгегинин аркасында мүмкүн болду.
Байланыш тел.: +996 (555) 820 000
Эл. дарек: [email protected]
Дареги: Тунгуч к., Анкара көчөсү, 1/8.
“Инженерия жана информатика факультети” төмөнкү
багыттарды камтыйт:
Информатика жана эсептөө техникасы:
▪Компьютердик инженерия
▪Киберкоопсуздук жана этикалык хакинг
▪Чыгармачыл индустриянын негиздери
▪Колдонмо математика жана информатика:
▪Маалыматтарды талдоо жана интеллектуалдуу системалар
▪Билим берүүдөгү колдонмо математика жана информатика
Электроника жана наноэлектроника:
▪Жасалма интеллект жана робототехника
Сапатты башкаруу:
▪Маалыматтык технологиялардагы менеджмент
Гуманитардык илимдер
факультети:
▪Филология (Англис тили жана адабияты)
▪Лингвистика (Котормо жана котормо таануу)
▪Педагогика
▪Психология
▪Журналистика
▪Жарнама жана коом менен байланыш
Юриспруденция (Эл аралык жана бизнес укук)
Экономика жана башкаруу
факультети:
▪Экономика (Эл аралык экономика жана бизнес)
▪Экономика (Эл аралык каржы жана аудит)
▪Эл аралык мамилелер
▪Менеджмент
Медицина факультети:
▪Дарылоо иши
Магистратура программасы:
“Информатика жана эсептөө техникасы”, “Менеджмент”, “Педагогика”, “Экономика”, “Лингвистика”, “Филология” “Эл аралык мамилелер”, “Юриспруденция”, “Журналистика”, “Психология”.
Аспирантура программасы:
“Экономикалык теория”, “Экономика жана эл чарбасын башкаруу”, “Салыштырмалуу тарыхый, типологиялык жана салыштырмалуу тил таануу”, “Жалпы педагогика, педагогика, педагогика тарыхы жана билим берүү”, “Социалдык философия”, “Маданият тарыхы жана теориясы”.
Докторантура (Ph.D):
“Компьютердик жана маалыматтык технологиялар”, “Филология”, “Педагогика”.
Комментарийлер