Ала-Бука районунда таза суу долбоору ишке ашууда

  • 03.08.2023
  • 0

Ала-Бука районунун 1-Май айылынын Шарапкана — Үч-Терек участкасындагы үч чакырымдан ашуун аралыкка таза суу түтүктөрү ортотулуп жатат.

Маалыматка ылайык, айылдагы аталган суу өткөрүүчү куурлар 1965-жылы орнотулуп, учурда эскилиги жетип, калкты жетиштүү деңгээлде таза суу менен камсыздоодо кыйынчылыктар жаралып келген.

Маселени чечүүдө жергиликтүү бийлик тарабынан тийиштүү иш-аракеттер жүргүзүлүп, жаңы суу куурлары жаткырылууда. Долбоор FSDS коомдук фондунун гранттык программасынын алкагында, «ПО ВТ и СА» жоопкерчилиги чектелген коомунун кош каржылоосунда ишке ашырылууда.

Бөлүшүү

Комментарийлер