АЛА-БУКА РАЙОНУНДА АУТИЗМ БОЮНЧА 2 КҮНДҮК СЕМИНАР ӨТТҮ

  • 06.03.2024
  • 0

2024-жылдын 5-6-мартында Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу Д.Шабданов атындагы балдардын билим берүү борборунда “Аутизм деген эмне? Балдарыбызга кантип жардам бере алабыз” темасында райондук семинар өткөрүлдү.

АЛА-БУКА РАЙОНУНДА АУТИЗМ БОЮНЧА 2 КҮНДҮК СЕМИНАР ӨТТҮ

Семинарга Ала-Бука айыл аймагына караштуу 7 мектептин социалдык педагогдору, мугалимдер жана ата-энелер катышты.

Д.Шабданов атындагы балдардын билим берүү борборунда мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга багытталган “Кадам сайын кадам”, “Сезимтал бала” инклюзивдик ийримдери бар. Ошондой эле учурда СDI (Crosslink Development International) Эл аралык өнүктүрүүчү кайрымдуулук фондунун колдоосунда 8 айыл аймагынан логопед-деффектолог мугалимдер даярдалууда.

Бөлүшүү

Комментарийлер