АКЖОЛ МАХМУДОВ КҮМҮШ МЕДАЛЬ ТАГЫНДЫ, БҮГҮН ЖОЛАМАН ШАРШЕНБЕКОВ КҮРӨШӨТ

  • 16.04.2024
  • 0

АКЖОЛ МАХМУДОВ КҮМҮШ МЕДАЛЬ ТАГЫНДЫ, БҮГҮН  ЖОЛАМАН ШАРШЕНБЕКОВ КҮРӨШӨТ15-апрелде Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында грек-рим күрөшү боюнча Токио олимпиадасынын күмүш байге ээси, дүйнөнүн эки жолку, Азиянын үч жолку чемпиону  Акжол Махмудов финалда  жапондук балбан Нао Кусака менен алтын медаль үчүн  күрөшүп, атаандашына 4:2 эсебинде утулуп, күмүш байгелүү болду.

Нао Кусаканы 2023-жылы Сербияда өткөн дүйнө чемпионатында жарым финалда утуп алган эле. Жапондук балбан келме кезегин алып, Акжолго  жакшы ыкма жасоого мүмкүнчүлүк бербеди. Бул жеңилүү Махмудов үчүн Азия чемпионаттарындагы  финалдык таймашууларындагы биринчи жеңилүүсү болду.

Ушул баш байге үчүн таймаш болгон 15-апрелде Акжол 25 жашка чыкты. Бишкек-Аренасына батпай калган күрөш күйөрмандарынын ишенимин актай албай калганы, бул беттешүү ал үчүн сабак болмокчу.

Грек-рим күрөшүнөн 77 килограмм салмак боюнча Акжол чейрек финалда казакстандык балбан Ибрагим Магомадовду 3:3 эсебинде жеңген эле. Акыркы упайды Акжол алгандыктан жеңиш ага ыйгарылган.

Жарым финалда ирандык Амир Али Абди менен беттешип, 12:2 эсебинде мөөнөтүнөн утуп алды.

АКЖОЛ МАХМУДОВ КҮМҮШ МЕДАЛЬ ТАГЫНДЫ, БҮГҮН  ЖОЛАМАН ШАРШЕНБЕКОВ КҮРӨШӨТ

77kg GR — Akzhol MAKHMUDOV (KGZ)

Акжол Махмудов 2018-жылдын 28-февралында Бишкек шаарында өткөн чоңдор арасындагы Азия чемпионатына алгач ирет катышкан. Анда Кожомкул атындагы спорт ордосунда 4 ирет килемге чыгып, бардык атаандаштарын жеңип, Азия чемпиону аталып, алтын медаль тагынган.

2022-жылы Монголияда Акжолго баардык атаандаштары туруштук бере албай, жеңүлүү ызасын тартышып, кайрадан Азия чемпиону болгон.

2023-жылы Астанада (Казакстан) Махмудов финалга чейин 3 беттешүүнү утуп, жеңип, үчүнчү жолу Азия чемпиону аталган.

Ошентип Махмудов Азия чемпионатында катары менен 12 жеңиштен кийин алгачкы жеңилүү ызасын тартты. Кошумчалай кетсек, анын жаштар арасындагы (2015, 2016) жана жаштар арасындагы (2017) Азия чемпионаттарында 3 алтын медалы бар.

АКЖОЛ МАХМУДОВ КҮМҮШ МЕДАЛЬ ТАГЫНДЫ, БҮГҮН  ЖОЛАМАН ШАРШЕНБЕКОВ КҮРӨШӨТАтактуу балбан Акжол Махмудов  Токио Олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси (2021-ж.), дүйнөнүн эки жолку чемпиону (2022-ж., 2023-ж.), уландар арасында дүйнө чемпиону (2016-ж.), жаштар арасында дүйнө чемпионатынын күмүш (2017-ж.) жана коло байгелеринин ээси (2018-ж.), уландар жана жаштар арасында Азия чемпиону (2016-ж., 2017-ж.) болгон.

Улан менен Эрландын коло байгеси

55 кг салмакта жаштар арасында Азия чемпиону Улан Муратбек уулу коло медаль үчүн дүйнө чемпионатынын эки жолку коло байге ээси, Азия чемпионаттарында күмүш жана коло медалдарды жеңген өзбекстандык Ясурбек Ортикбоев күч сынашып, 5:2 эсебинде утуп алды. Улан күч сынашууларды чейрек финалдык баскычтан баштады. Анда Түндүк Кореядан келген спортчу Ю Чол Рога  8:2 эсебинде жеңилип калды. Кийинки беттешин кытайлык Син Хуанг аттуу спортчуну артта калтырды.

АКЖОЛ МАХМУДОВ КҮМҮШ МЕДАЛЬ ТАГЫНДЫ, БҮГҮН  ЖОЛАМАН ШАРШЕНБЕКОВ КҮРӨШӨТ130 килограмм оор салмакта Эрлан Манатбеков өзбекстандык Исламжан Рахматов менен коло байге үчүн күрөшүп, 3:0 эсебинде жеңип, келечегинен үмүткөр кылып койду.

Эрлан биринчи айлампаны өткөрүп, күрөштү чейрек финалдан баштады. Анда казакстандык Мансур Шадукаев аттуу спортчуну 9:1 эсебинде ишенимдүү утуп алды. Ал эми жарым финалда ирандык Амин Мирзазадеге 0:9 эсебинде жеңилүү ызаасын тартып калды. Ирандык балбан финалга чыккандыктан Эрлан коло байге үчүн күрөшүүгө укук алды.
Ал эми  87 кг. салмакта уландар арасында Азия чемпиону, Азия чемпионаттарында 3 жолу күмүш медаль уткан 28 жаштагы Азисбек Атабеков былтыр Азия оюндарында коло байге уткан жапониялык Масато Суми менен күрөшүп, утулуп, 5-орун менен чектелди.

Жоламан Шаршенбеков таймашка чыгат

АКЖОЛ МАХМУДОВ КҮМҮШ МЕДАЛЬ ТАГЫНДЫ, БҮГҮН  ЖОЛАМАН ШАРШЕНБЕКОВ КҮРӨШӨТ

60kg GR — Zholaman SHARSHENBEKOV (KGZ)

Бүгүн, 16- апрелде грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Жоламан Шаршенбеков (60 кг) баштаган 5 балбан өлкөбүздүн намысын коргойт. Мындан тышкары 67 кг салмакта Раззак Бейшекеев, 72 кг салмакта Адылхан Нурланбеков, 82 кг.салмакта Бекзат Орункул уулу жана 97 кг. салмакта Бексултан Махмудов Азия чемпиондугу үчүн таймашууларга чыгат.

Эскерте кетсек: 11-апрелден бери Азия чемпионаты “Бишкек Арена” спорт комплексинде курч мүнөздө өтүп жатат. Буга чейин кыз-келиндер эркин күрөшү боюнча алтынчы ирет Азия чемпиону Айсулуу Тыныбекова (62 кг) болсо, Айпери Медет кызы (76 кг) менен эр-азаматтардан Тайырбек Жумашбек уулу (61 кг) Азиянын эки жолку чемпиондору болуп, алтын медалдарды  тагынган. Күмүш байгенин ээси  Айаал Лазарев болсо, коло медалдарды Улукбек Жолдошбеков, Алибек Осмонов, кыздардан Арууке Кадырбек кызы жана Гүлнура Таштанбекова жеңип алышкан.

Кабыл Макешов,

 спорттук баяндамачы, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер