“АКЖАРЫКТЫН АЙЫКПАГАН СЫНЫГЫ”

  • 29.03.2018
  • 0

Самсак Станалиевдин адамзаттын залкар ойчул калемгери Чыңгыз АЙТМАТОВдун өмүрүнө, тагдыр-турмушуна, чыгармачылыгына, ошондой эле ал жашаган мезгил тарыхына, адабиятыбыздын өнүгүш жолундагы оош-кыйыштарга  арналган “Акжарыктын айыкпаган сыныгы” аттуу тарыхый-биографиялык роман трилогиясынын бет ачары 30-мартта Илимдер академиясында өтөт.

Аталган трилогия ишенимдүү жана такталган факты-маалыматтардын негизинде көркөм чагылдырылган. Ошондой эле улуу жазуучунун замандаштары, адабият менен маданияттын көрүнүктүү классиктери менен болгон карым-катышы, мамилеси турмуш чындыгы катары реалдуу сүрөттөлөт.

Бул чыгарма жазуучу С.Станалиевдин кыргыз интеллигенциясынын тарыхы менен анын залкар инсандары жөнүндөгү тарыхый-биографиялык романдар сериясынын үчүнчүсү болуп саналат. Китептин баш сөздөрүн Жогорку Кеңештин депутаты Р.Момбеков жана академик А.Акматалиев жазган. Бул тууралуу академиянын басма сөз кызмат кабарлады.

Бөлүшүү

Комментарийлер