Акыйкатчы Жалал-Абаддагы аялдар жана өспүрүмдөрдүн тергөө абагына барды

  • 04.10.2023
  • 0

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Жалал-Абад шаарындагы аялдар жана жашы жете элек өспүрүмдөрдүн тергөө абагына барып, кармоо шарты менен таанышты. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматынан билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, аталган абак 67 орунга эсептелген. Башкы укук коргоочу барган учурда аталган жабык мекемеде 37 адам бар экени белгилүү болду. Алардын 23ү аялдар болсо, 14ү өспүрүмдөр.

Акыйкатчы камерларга кирип абакта жаткан аялдар жана өспүрүмдөр менен алардын укуктары тууралуу сүйлөшүп,  арыз-даттанууларын жеке көзөмөлүнө алды.

Акыйкатчы сот жана укук коргоо органдарына, ошондой эле прокуратура органдарына кармалган аялдардын жана баланын укуктарын сактоону камсыз кылуу чакырыгы менен кайрылды.

«Тергөө абагына баргандан кийин Акыйкатчы шаардын чет жагына курулуп жаткан жаңы тергөө абагынын курулушу кандай жүрүп жатканы менен таанышты. Сузак районунун Таш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Арал участогунда жаңы тергөө изолятору курулуп жатыптыр. Аталган жайдын курулушуна 1 гектар жер бөлүнүп берилген. Бул участокко төрт кабаттуу, 200 орунга эсептелген имарат курулууда, объект тергөө абагына тиешелүү боло турган стандарттарга ылайык курулууда»,- деп айтылат маалыматта.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер