«АКЫРКЫ КОҢГУРООГО» АКЧА ЧОГУЛТУУГА ЖОЛ БЕРИЛБЕЙТ

  • 18.05.2026
  • 0

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги мектептерде өтчү «Акыркы коңгуроо» салтанатына байланыштуу ата-энелерден, бүтүрүүчүлөрдөн жана алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнөн акча чогултууга тыюу салынарын дагы бир ирет эскертти.

Министрлик мындай чаралар ата-энелерге ашыкча чыгым жүктөбөө, мыйзамсыз акча чогултууларды токтотуу жана билим берүү тармагындагы ачык-айкындуулукту камсыз кылуу максатында киргизилгенин белгилейт.

📌 Агартуу министрлигинин №593/1 буйругуна ылайык төмөнкүлөргө тыюу салынат:
🚫 «Акыркы коңгуроо» иш-чарасын өткөрүү үчүн акча чогултуу;
🚫 мугалимдерге же мектеп жетекчилигине белек алуу үчүн каражат топтоо;
🚫 мектептен тышкаркы кымбат иш-чараларды уюштуруу;
🚫 ата-энелерге кандайдыр бир материалдык басым көрсөтүү.

Министрлик мектеп жетекчилерин, мугалимдерди жана ата-энелерди мыйзам талаптарын так сактоого чакырып, бүтүрүү кечелери коопсуз, жөнөкөй жана ашыкча чыгымсыз өтүшү керектигин белгиледи.

Нурлан КЫДЫКОВ, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер