АКЫРКЫ КОҢГУРОО САЛТАНАТЫ ОНЛАЙН ФОРМАТТА ӨТӨТ
- 14.05.2021
- 0
2020-2021-окуу жылы республикадагы жалпы билим берүү уюмдарында 25-майда аяктайт. Республикадагы эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейин массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынгандыгына байланыштуу 25-майга карата салтанаттуу иш-чаралар онлайн форматта өткөрүлөт.
Бишкек, Ош шаарларынын жана райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери 25-майда окуу жылы аяктагандыгына байланыштуу онлайн режимде бүтүрүүчүлөр менен мектеп администрациясынын, класс жетекчилердин, мугалимдердин куттуктоолорун уюштурушат.
Онлайн форматта өткөрүлүүчү «Бүтүрүүчү — 2021» иш-чарасынын программасы жана аны өткөрүү шарттары министрликтин буйругу менен бекитилген жана бардык билим берүү уюмдарына таркатылган. Белгиленген талаптарга жооп берген видеоматериалдар (чакан концерттик программа менен коштолгон куттуктоолор (15 мүнөттүк)) 25-майда эртең мененки саат 10.00дон 12.30га чейин “ЭлТР” мамлекеттик телерадиокомпаниясынын Билим жана илим каналынан көрсөтүлөт.
Видеоматериалдарды, ошондой эле, “ЭлТРдин” социалдык тармактагы баракчаларынан (https://www.youtube.com/channel/UCoa_YwuX_W7kXYTR5a0MjSw жана https://www.facebook.com/bilimilim.kanaly) жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин социалдык тармактагы баракчасынан (https://www.facebook.com/minobrkg) көрүүгө болот.
КР БИМдин басма сөз кызматы
Комментарийлер