«АКЫРКЫ КОҢГУРОО» ОНЛАЙН ФОРМАТТА ӨТӨТ

  • 28.05.2020
  • 0
«АКЫРКЫ КОҢГУРОО» ОНЛАЙН ФОРМАТТА ӨТӨТ

Кыргызстанда быйыл 60 миң окуучу 11-классты бүтүрөт. Анын ичинен 1420 окуучу артыкчылык аттестатына талапкер. Ал эми 9-классты бүтүрүүчүлөрдүн саны быйыл 105 миң окуучуну түзөт. Быйыл «Акыркы коңгуроо» 30-майда онлайн форматында өткөрүлөт.

«Акыркы коңгуроо онлайн форматта өткөрүлөт. Биз балдарды онлайн куттуктайбыз», — деди билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова.

Анын айтымында, азыр эң негизгиси – балдардын ден соолугу жана коопсуздугу.

— Эгер коронавирус инфекциясы болбосо, биз акыркы коңгуроо салтанатын кадимкидей эле өткөрмөкпүз. Биз эпидемиологиялык кырдаалга карайбыз. Эгер өлкөдө массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынса, анда биз балдардын коопсуздугу үчүн бул талаптарга баш ийебиз, — деди Жусупбекова. — Мен түшүнөм, балдар акыркы коңгуроону белгилегиси келет. Бирок биз азыр балдардын ден соолугун жана коопсуздугун ойлошубуз керек. Кийинчерээк, кырдаал турукташса, балким, бизде балдарды башкача форматта жакшыраак куттукттого мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Жалпы билим берүү уюмдары март айында каникулга эрте чыккандыгына, май айындагы майрамдарга байланыштуу жана окуучулар программаны толук түшүнүп өздөштүрүшү үчүн быйылкы окуу жылы 30-майда аяктайт.

— «Акыркы коңгуроо», бүтүрүүчүлөрдүн акыркы сабагы 30-майда өткөрүлөт. Биз азыр «Акыркы коңгуроого» ролик тарттырып жатабыз. 30-май күнү тартылган роликти WhatsApp аркылуу бардык бүтүрүүчүлөргө жөнөтөбүз. Мындан тышкары мектептин, шаардык билим берүү башкармалыгынын сайттарына жайгаштырылат. «Акыркы коңгуроо» кагылгандан кийин бүтүрүүчүлөр өзүнүн биринчи мугалими, класс жетекчиси менен Zoom, Classroom аркылуу баарлашышат, — дейт Бишкек шаарындагы №69 ОТКГнын директору Сайрагүл Атаева.

Коронавируска байланыштуу 9- жана 11-класстардын бүтүрүүчүлөрүнүн мамлекеттик сынактарды тапшыруу форматы дагы быйыл жылдагыдан айырмаланат. Алардын жалпы жетишкендиктерин эске алуу менен атайын түзүлгөн предметтик мамлекеттик комиссия экзамендик бааларды коет.

Кыргызстанда жалпы 2283 мектеп бар, анда 1 млн. 311 миңден ашуун бала билим алат.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер