АКЫРКЫ КОҢГУРОО: ЭДИЛ БАЙСАЛОВ ӨЗГӨЧӨ БАЛДАРДЫН САЛТАНАТЫНА КАТЫШТЫ
- 26.05.2025
- 0
Бишкек шаарындагы Азиз жана начар көргөн балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү жатак-мектебиндеги Акыркы коңгуроо салтанатына Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана Агартуу министринин орун басары Надира Джусупбекова катышты.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов бүтүрүчүүлөрдү бул өзгөчө майрам менен куттуктап, аларды дайыма колдоп турган эли бар экендигин белгиледи.
— Окуучулар менен кошо ата-энелер, мугалимдер толкунданып турганын туюп турам. Силер аяктап жаткан окуу жай мектеп гана эмес, бул — мектеп-интернаты. Демек, силер билим гана албастан, балылыгыңардын таттуу күндөрүн өткөрүп, чоңойгон, тарбия алган жай. Ошондуктан бүгүн силер өзүңөрдүн экинчи үйүңөр менен коштошуп, жаңы өмүргө жолдомо алуудасыңар. Мектеп-интернаты силерге терең билим бергенинен күмөнүм жок. Мындан ары да билим алууну токтотпогула! Кыргыз элибиз, өкмөт силерди жакшы көрөрүн жана ар дайым колдорун унутпагыла, — деди.
Агартуу министринин орун басары Надира Джусупбекова окуу жайдын директору Мээрим Мадияровага беш даана компьютердин сертификатын жана мугалимдерге баалуу белектерин тапшырды.
Учурда Кыргызстанда 12 жылдык: улуттук билим берүү моделине өтүү үчүн реформалар жүрүп жатат. Анда орто жана жогорку кесиптик окуу жайларында негизги билим берүү предметтеринин саны кыскарып, кесиптик блоктогу атайын дисциплиналарга көбүрөөк басым жасалат. Орто мектепте предметтерди тереңдетип үйрөнүү ишке ашырылат. Бул материалды жакшыраак түшүнүүгө гана өбөлгө болбостон, келечектеги кесиптик ишмердүүлүк үчүн да бекем негиз түзөт. Окуунун узак мезгили критикалык ой жүгүртүүнү жана аналитикалык көндүмдөрдү өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. Тез өзгөрүп жаткан дүйнөдө бул көндүмдөр окуучуларга негизделген чечимдерди кабыл алууга жана татаал маселелерди чечүүгө мүмкүнчүлүк берүү үчүн барган сайын маанилүү болуп баратат.
Айгерим ТОКТОБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер