«АКЫЛМАНДЫН» ЗАМАНБАП ЛАБОРАТОРИЯЛАРЫ ШКУнун ЖАШ ОКУМУШТУУЛАРЫ ҮЧҮН ИЛИМИЙ ИЗИЛДӨӨ АЯНТЧАСЫ БОЛОТ
- 07.07.2026
- 0
Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин жаш окумуштуулары үчүн уюштурулган Эл аралык илимий-билим берүү лагеринин расмий ачылыш аземине катышуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов, министрлер жана иш-чаранын башка катышуучулары «Акылман» президенттик лицейинин заманбап лабораториялары менен таанышышты.
Дал ушул лабораторияларда лагердин катышуучулары илимий изилдөө иштерин жүргүзүшөт.
Эки жуманын ичинде жаш окумуштуулар беш илимий багыт боюнча — экологиялык химия, биомедицина, кайра жаралуучу энергетика, суу робототехникасы жана астроинформатика тармактарында илимий долбоорлордун үстүндө иш алып барышат.
Биргелешкен иштин жыйынтыгында 14 илимий макала даярдоо пландалууда.





Комментарийлер