«Акылмандын» бүтүрүүчүлөрү менен «Эл үмүтүнүн» ээлерине артыкчылык
- 06.02.2025
- 0
Бүгүн, 6-февралдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында “Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат үчүн жаңы муундагы кадрларды даярдоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Билим берүү жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда колдоого ээ болду.
Демилгечи – Кыргыз Республикасынын Президенти.
Мыйзам долбоорун Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрайымы Чолпон Султанбекова тааныштырды.
Мыйзамга өзгөртүүлөрдүн максаты жана милдети социалдык-экономикалык өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча Кыргыз Республикасында интеллектуалдык жактан өнүккөн муунду калыптандыруу жана өлкө үчүн жаңы муундагы адистерди даярдоо үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында, ошондой эле чет өлкөлөрдө сапаттуу кесиптик билим алуу үчүн президенттик «Акылман» лицейинин жана «Эл үмүтү» президенттик программасынын бүтүрүүчүлөрүнөн чыккан таланттуу жаштарды мындан ары да колдоо жана дем берүү болуп саналат.
Талкуу маалында депутаттар билим берүү уюмдарына өзүнчө артыкчылык берүү, бүтүрүүчүлөрүн сынаксыз мамлекеттик кызматка алуу жагдайларына өзгөчө көңүл бурушту. Депутат Дастан Бекешев бүтүрүүчүлөрдү сынактан тышкары кабыл алуу башка таланттуу абитуриенттердин укуктарын чектеп жатканын айтса, депутат Камила Талиева «Эл үмүтү» президенттик программасын ишке ашыруу, анын натыйжалары боюнча суроолорду берди. Депутат Нурбек Сыдыгалиев «Акылман» лицейине сынак менен кабыл алууда облустарга квота берүү маселесин айтты. Ушул эле маселеге көңүл бурган депутат Миргүл Темирбаева президенттик лицейдин бөлүмдөрүн аймактарда, анын ичинде Баткен облусунун Лейлек районунда филиалын ачуу маселесин кароону сунуштады..
Ал эми депутат Айбек Алтынбеков «Эл үмүтү» президенттик стипендиясынын бүтүрүүчүлөрүн кадрлар резервине киргизүү талаптарын, сынак өткөрүүнүн ачык-айкындуулугун камсыз кылуу маселелерин белгиледи. Депутат Жылдыз Таалайбек кызы «Эл үмүтү» президенттик стипендиясынын бүтүрүүчүлөрү башка жакка кеткен учурда аларды кайтаруу механизмдерин сурады.
Комментарийлер