“АКЫЛМАН” ЛИЦЕЙИ АКЫЛГӨЙ ОКУУЧУЛАРДЫН ОРДОСУ

  • 25.04.2024
  • 0

“Акылман” лицейинде жалпы 72 бала билим алса, бир гана окуучу эң жогорку баллга окуйт. Ал — Аруубек Биймырзаев. Бирок бардык окуучулардын ар тараптуу өзгөчөлүктөрү бар. Мисалы, эки окуучу робототехника, IT тармагы боюнча 2-3-майда Астанада өтүүчү эл аралык олимпиадага катышат.

“АКЫЛМАН” ЛИЦЕЙИ АКЫЛГӨЙ ОКУУЧУЛАРДЫН ОРДОСУ

Лицейдин жалгыз “отличниги” Аруубек Баймырзаев беш бир туугандын кичүүсү. Жалал-Абад шаарынын №17 жалпы билим берүү мектебинен келген. Окуучунун айтуусунда, лицей ар бир окуучунун ой жүгүртүүсүн өзгөртөт. Лицейдеги агай-эжейлердин мамилеси, атмосферасы башкача. Баа же билим керекпи деген суроону өзүнө-өзүң коёсуң. Лицейди аяктагандан кийин дүйнөдөгү эң алдыңкы MIT университетинде билим алууну каалайт.

Окуучу “Акылман” президенттик лицейине жаңы келгенде англис тилинен кыйналганын айтат. Ошондуктан эки чейрек бою англис тилин билүү деңгээлин өстүрүү менен алек болгон. Бул аракети текке кетпей, азыр англисче жакшы сүйлөйт.

“АКЫЛМАН” ЛИЦЕЙИ АКЫЛГӨЙ ОКУУЧУЛАРДЫН ОРДОСУ

Мектепте “отличник” болгонго класс боюнча өзүмдү эң акылдуумун деп сезчү экенмин. Ошентип жалаң “5” деген баа алып жүрүп, лицейге келип 1-чейректе “4” койгондо аябай ызаланчумун. Күнүгө англис тилиндеги жаңы сөздөрдү, грамматиканы жаттоо деген талап коюп жүрүп, англис тилин өздөштүрдүм. Агайым аракетимди көрүп, олимпиадалык сабактарга алган. Мурда математика сабагын сүйүп окусам, азыр англис тилине болгон кызыгуум күчөдү. Жаңы тил үйрөнгөндө өзүңдү башка адам болгондой сезет экенсиң. Бул сабак мага жагымдуу. 2-3-чейректе толук “отличник” боло алдым. Бул жеңил эмес, себеби бул лицейде бир гана теория эмес, практика жүзүндө да жакшы билишиң керек, — дейт Аруубек.

“АКЫЛМАН” ЛИЦЕЙИ АКЫЛГӨЙ ОКУУЧУЛАРДЫН ОРДОСУ

Окуу жайдын үч окуучусу эл аралык олимпиадага катышуу үчүн жеткирип берүү кызматын көрсөткөн роботтун моделин ойлоп табышты. Бул долбоордо Аруубек кодду жазуу ишине жооптуу.

Лицейдин дагы бир өзгөчө окуучусунун бири — Өзгөн районунан келген Нурсултан Исаев. Буга чейин Киров атындагы №4 орто мектепте билим алган. Орус, англис тили, биология сабактарын жакшы билгени үчүн тиешелүү баллды алып, лицейге өтүп кеткен. Ал лицейге келгенге чейин тогуз ай веб-программалоо боюнча курска катышчу. Учурда робототехника, фундаменталдык программалоо жаатында да өзүн сыноодо.

“АКЫЛМАН” ЛИЦЕЙИ АКЫЛГӨЙ ОКУУЧУЛАРДЫН ОРДОСУ

Нурсултан Исаев англис тилин жогорку деңгээлде билген окуучулардын бири. Классташтарынын мотиватору. Себеби алар Нурсултандай англисче сүйлөөгө аракет кылып, үлгү тутушат. Англисче жакшы сүйлөй албаган балдар аны менен баарлашып жүрүп, оюн так, туура жеткирүүн үйрөнүп алышкан. Атүгүл, англис тилин үйрөнүп жаткан мугалимдер да практика жүзүндө сүйлөшүүгө ашыгышат.  Өзү 7-класстын окуучусу болсо дагы англис тили сабагынан 9-11-класстар арасында өткөн райондук олимпиадага катышып, тогузунчу класстар арасында 1-орунду, 11-класстар арасында төртүнчү орунду камсыздаган. Бул тилге алты жашынан баштап эле кызыгат. 1-классында англис тили сабагы 3-класстан баштап кирет дегенин угуп, бул убакытты чыдамсыздык менен күткөн.

“АКЫЛМАН” ЛИЦЕЙИ АКЫЛГӨЙ ОКУУЧУЛАРДЫН ОРДОСУ

Ошондой эле орус класста окуп, Россияда төрт жыл жашап келгендиктен, лицейге келгенде кыргызча жакшы билчү эмес. Азыр кыргыз тилин жакшы  үйрөнүп, эне тилинде оюн кенен жеткирип калганын айтат. Лицейдин директорунун орун басары  Гүлбарчын Самакованын айтымында, Нурсултун алдына максат коё билген окуучу. Көздөгөн максатына жектенге бар күчүн жумшайт. Ошону менен катар эле кемчилигин да туура кабыл алып, анын үстүндө көп иштейт.

 

  • Лицейде окуганым дүйнө таанымымды кеңейтүүгө чоң жардам берүүдө. Мурда орус класста окугандыктанбы, кыргыз тилин үйрөнүүгө аракет деле кылчу эмесмин. Лицейдеги кыргыз тил мугалимим бул тилди өздөштүрүүмө кызыгуумду жаратты. Бизге сегизинчи сабак катары кошумча курстар кирет, ким кайсыл тилден жетишпей жатса, барып окуйт. Мен кыргыз тили клубуна барам. Азыркы максаты — кыргыз тилин жакшы үйрөнүү, — дейт окуучу.

“АКЫЛМАН” ЛИЦЕЙИ АКЫЛГӨЙ ОКУУЧУЛАРДЫН ОРДОСУ

Окуу жайга 2024-2025-окуу жылына карата тандоо 20-апрелден 30-апрелге чейин үч этап менен жүргүзүлөт. I этап онлайн форматта 4-5-6-майда өтөт, анын жыйынтыгы боюнча эң жогорку балл алган 2000 (эки миң) талапкер үчүн II этап 10-майда онлайн форматта, ал эми андан жогорку балл алган 700 талапкер III этапка катышат. Ал 14-майдан 20-майга чейин офлайн форматта өтөт. Бүгүнкү күнү 1600 бала катталды. Окуучулар математика, логика, тарых, кыргыз тили жана орус тили сабактарынан тест тапшырат. 1-2-тур онлайн форматта болсо, 3-тур офлайн өтүп, анда окучулардын англис тилин билүү деңгээлин аныктоо үчүн суроолор камтылат.

Лицейде жетим, томолой жетим, аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдары билим алат.

“АКЫЛМАН” ЛИЦЕЙИ АКЫЛГӨЙ ОКУУЧУЛАРДЫН ОРДОСУ

Былтыр ар бир мектептин бирден гана мыкты окуучусу катышат деген талап менен окуучулар кабыл алынса, быйыл бардыгы катышууга мүмкүнчүлүк алды. Быйыл да 6-класста окуган 72 бала тандалып алынат. Мындан сырткары дагы он бала талапкер катары резервде турат. Себеби жыл ичинде көнө албай, кыйналып, окууну алып кете албаган балдар болуп калса, алардын ордуна кандидат балдар окууга мүмкүнчүлүк алат.

Лицейде окутуу кыргыз жана англис тилдеринде жүргүзүлөт. Окуу жайдын директор Эмил Рыскулов ата-энелер балдарынан чоң нерсе күтөрүн айтат. Себеби мурда жалаң “5” деген баага окуп жүрүп, лицейге келгенде “2”, “3” алып калган учурлар болот. Бирок бул учурдан көйгөй жаратуунун кажети жок. Баланын адаптация болуу убактысын да эске алуу зарыл. Бул үчүн ата-энелерге да айына эки ирет онлайн окууларды уюштуруп турат.

Айгерим Токтобаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер