МАНАС ШААРЫНДА «АКЫЛМАН» ЛИЦЕЙИ АЧЫЛДЫ
- 15.09.2026
- 0
Манас шаарында «Акылман» Президенттик лицейи ачылды. Салтанатка МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев жана Агартуу министри Доктургүл Кендирбаева катышты.
Жаңы билим уясы 410 окуучуга ылайыкталган. Учурда үч этаптуу сынактан өткөн 144 окуучу 7–8-класстарга кабыл алынды. Лицейде 35 заманбап класс, профилдик лабораториялар, спорт залы, бассейн, актовый зал жана спорт аянтчасы бар. Балдардын билим алуусуна, спорт менен машыгуусуна, чыгармачылык жана интеллектуалдык жактан өнүгүүсүнө бардык шарт түзүлдү. ![]()
МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев окуу корпустарын көрүп чыгып, мугалимдер жана окуучулар менен баарлашты. Адылбек Касымалиев жакшы имарат — бул биринчи гана кадам экенин, андан аркы сапарды мугалимдин эмгеги, окуучунун аракети жана мектептеги күчтүү билим чөйрөсү аныктарын белгиледи. 
Ал мугалимдерге өзгөчө милдет жүктөлөрүн баса белгилеп, ар бир баланын жөндөмүн ачып, өз алдынча ой жүгүртүүгө, изденүүгө, жаңы нерсе жаратууга үйрөтүү зарыл экенин айтты.
«Акылман» — талантты ачкан жаңы билим мейкиндиги
Сапаттуу билимге жетүү мүмкүнчүлүгү баланын жашаган жерине же үй-бүлөсүнүн социалдык абалына жараша болбошу керек. Аймактардан тандалып алынган зээндүү балдарга заманбап билим, тиешелүү шарт жана өз мүмкүнчүлүгүн толук ачууга чөйрө түзүү — «Акылман» Президенттик лицейлеринин негизги өзөгүн түзөт. Бул жагынан алганда, лицейлердин аймактарда ачылышы жөн гана жаңы мектептердин көбөйүшү эмес, билим берүүдөгү мүмкүнчүлүктөрдү теңдөө багытындагы маанилүү кадам катары каралууда. 
Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен негизделген «Акылман» Президенттик лицейи өлкөнүн билим берүү системасына жаңы талаптарды киргизип жаткан заманбап билим берүү мекемелеринин бири. Лицейдин концепциясы дүйнөлүк билим берүүдө колдонулган алдыңкы методдорду жана технологияларды улуттук баалуулуктар менен айкалыштыруу идеясына негизделген.
Бул жерде негизги маселе маалыматты талдай билген, өз алдынча чечим кабыл алган, чыгармачыл ой жүгүрткөн, технологияны туура пайдаланган жана ошол эле учурда өзүнүн улуттук тамырын билген инсанды калыптандыруу. 
Талант үчүн дарек эмес, мүмкүнчүлүк маанилүү
“Дүйнө өзгөрүп, технологиялар өнүгүп, жасалма интеллекттин доору жүрүп жаткан маалда жер-жерлердиги өзгөчө жөндөмдүү балдарыбызды топтоп, алардын талантын ачуу мезгил талабы!” – деди Президент Таластагы “Акылман” лицейин ачуу аземинде.
Өлкөдө жөндөмдүү, илимге, технологияга, чыгармачылыкка кызыккан балдар ар бир аймакта бар. Бирок алардын баары эле сапаттуу билим берүүгө, заманбап лабораторияларга, технологиялык жабдууларга жана күчтүү педагогикалык чөйрөгө бирдей жетише албайт.
«Акылман» лицейлеринин өзгөчөлүгү да ушунда. Окуучуларды бир гана борбордон эмес, Кыргызстандын бардык аймактарынан сынактык тандоо аркылуу кабыл алуу.
Бул өз кезегинде билим берүүдөгү атаандаштыкты күчөтүп, окуучуларды эрте жаштан изденүүгө, өз жөндөмүн өнүктүрүүгө түрткү берет. 
Акысыз билим — социалдык теңчиликке жол
«Акылман» лицейлеринде билим берүү 100 пайыз акысыз жүргүзүлөт.
Башка аймактан келген окуучулар жатакана жана тамак-аш менен акысыз камсыздалат. Окуучуларга күнүнө үч маал ысык тамак жана эки маал жеңил тамак берилет. Мындан тышкары форма, планшет жана санариптик окуу материалдары менен камсыз кылуу каралган.
Айрыкча көп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн бул чоң мүмкүнчүлүк. Анткени мамлекет талантты өнүктүрүүгө керектүү шартты өзү түзөт.
Президент Садыр Жапаров да лицейлердин негизги максаты өлкөнүн бардык аймактарынан тандалып алынган зээндүү балдар үчүн билимдин жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн очогун түзүү экенин белгилеп, заманбап билим менен катар улуттук нарк-насил, мекенчилдик жана адамдык бийик сапаттарды айкалыштырган жаштарды тарбиялоо зарылдыгына токтолгон. 
Классикалык кабинеттен технологиялык лабораторияга чейин
«Акылман» лицейлеринин инфраструктурасы да заманбап билим берүүнүн талабына ылайык түзүлүүдө.
Мисалы, Чолпон-Атадагы лицейдин имаратында 19 окуу кабинети, төрт лаборатория, кол эмгек жана көркөм сүрөт бөлмөлөрү, медициналык кабинет, 300 орундуу конференц-зал, китепкана, ашкана жана спорт зал каралган.
Мындан тышкары футбол талаасы, жеңил атлетика, баскетбол жана волейбол аянтчалары, воркаут аянты сыяктуу спорттук объектилер жайгашат.
Окуу кабинеттеринин интерактивдүү панелдер, ноутбуктар жана башка санариптик технологиялар менен жабдылышы окуучуну даяр маалыматты кабыл алуучу эмес, аны изилдеп, талдап, жаратуучу позицияга алып келүүгө багытталат.
Робототехника лабораториялары, 3D-принтерлер, VR технологиялары жана подкаст студиясы сыяктуу мүмкүнчүлүктөр баланын теориялык билимин практикалык иш менен айкалыштырууга шарт түзөт.
Мындай чөйрөдө физика, математика, информатика же технология сабактары китептеги формула менен гана чектелбестен, эксперимент, долбоор жана практикалык изилдөө аркылуу өздөштүрүлүлөт. 
Мугалим — системанын негизги күчү
“Глобалдашуу доорунда кайсы алдыңкы өлкөнү албайлы, өнүгүүнүн башатында креативдүү жаштар жана заманбап илим турат. Бизде демдүү, күчтүү, шыктуу балдарыбыз да бар, аларды табына келтире таптаган устаттар да бар”, — деди С.Жапаров.
Заманбап имарат же технология өзүнөн өзү сапаттуу билим бере албайт. Анын артында күчтүү мугалим турат. Ошондуктан «Акылман» лицейлеринде педагогдорду тандоого да өзгөчө талап коюлууда. Педагогикалык жогорку билими бар, тажрыйбалуу, STEM багытындагы предметтерди окуткан жана англис тилин билген мугалимдер тандалууда.
Эгер окуучуга дүйнөлүк деңгээлдеги билим берүү технологиялары сунушталса, мугалим да ошол өзгөрүүгө даяр болушу зарыл. Мугалимдин ролу маалымат берүүчүдөн окуучунун изилдөөсүн багыттаган менторго, долбоордук иштин жетекчисине айланып барат. ![]()
«Акылман» аймактарда ачылууда
Мындан үч жыл мурда Ысык-Көлдө ачылган лицейдин тажрыйбасы эми башка аймактарга жайылууда.
Кечээ эле Эгемендик күнүнө карата Талас шаарында”Акылман” президенттик лицейи ачылды. Ачылышта сөз сүйлөгөн С.Жапаров: “Билимдүү, мекенчил жана намыскөй муун – биздин эгемендигибиздин эң бекем калканы”, — деп белгиледи.
Бүгүн Манас шаарында МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев жана Агартуу министри Доктургүл Кендирбаева катышуусунда салтанаттуу ачылды.
Кийинки жылдары Ош, Нарын облустарында да ачылары күтүлүүдө.
Ар бир бала таланттуу
«Ар бир бала таланттуу. Болгону ага ошол талантын ача турган чөйрө керек» деген түшүнүк бүгүнкү билим берүүдө өзгөчө мааниге ээ.
Балким, айылдагы кадимки мектепте окуп жаткан окуучу келечекте мыкты инженер, программист, окумуштуу, дарыгер же коомдук ишмер болор. Бирок анын жөндөмүн эрте байкап, өнүктүрүүгө шарт түзүлбөсө, ошол потенциал толук ачылбай калышы мүмкүн.
«Акылман» ушул мүмкүнчүлүктү түзүүгө багытталган аянтча болууга тийиш.
А.К., «КБ»