“АКЫЛМАН” ПРЕЗИДЕНТТИК ЛИЦЕЙИ КОНКУРС ЖАРЫЯЛАДЫ
- 17.03.2025
- 0
Жаңы окуучуларды кабыл алуу үчүн “Акылман” президенттик лицейи 2025-2026-окуу жылына карата конкурстук тандоону жарыялады.
Сынакка Кыргызстанда окуп жаткан 6-класстын окуучулары катыша алат.
Тандоо 3 этаптан турат, 1-2-тур онлайн форматта өткөрүлөт.
1-2-этапка катышуу үчүн test.akylman.edu.kg cайтына 2025-жылдын 1-апрелинен баштап, 14-апрелине чейин катталуу керек.
1-тур 18-19-апрель күндөрү онлайн форматта, 2-тур 23-24-апрель күндөрү онлайн форматта, ал эми 3-тур 1-майдан 8-майга чейин ар бир облуста оффлайн форматта өткөрүлөт.
3 этаптын баарынан тең ийгиликтүү өткөн эң алдыңкы 72 окуучу лицейге 7-класска кабыл алынат.
Катышуучуларга талаптар:
1) Кыргыз Республикасынын жараны болуусу;
2) Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында азыркы учурда 6-класста окуусу;
3) “Жакшы”, “эң жакшы” деген баага окуусу,
Конкурстук тандоо төмөнкү предметтерден турат:
1-2-тур – математика, логика, кыргыз тили, орус тили жана тарых.
3-тур –математика, логика, кыргыз тили жана англис тили.
Лицейге кабыл алуу конкурстук тандоонун гана негизинде жүрөт. Окуучунун үй-бүлөлүк социалдык абалы каралбайт. Демек социалдык статусуна карабастан, конкурстук тандоого катышуу үчүн бардык окуучуларга бирдей мүмкүнчүлүк берилет. “Акылман” президенттик лицейине өткөн окуучулар 100% мамлекет тарабынан камсыздалат.
Окутуу кыргыз жана англис тилдеринде жүргүзүлөт.
Конкурстук тандоо тууралуу толук маалыматты @akylman.presidential_school инстаграм баракчасынан, @“Акылман” Кабыл алуу — 2025” телеграм каналынан ала аласыздар.
Комментарийлер