“АКЫЛМАН” ПРЕЗИДЕНТТИК ЛИЦЕЙГЕ КОНКУРСТУК ТАНДОО ЖҮРГҮЗҮЛӨТ

  • 17.04.2024
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-декабрындагы “Акылман” президенттик лицейи жөнүндө” Жарлыгынын негизинде калктын аялуу катмарына жана ата-энеси жок өзгөчө шыктуу балдарга колдоо көрсөтүү максатында 2024-2025-окуу жылына карата балдарды “Акылман” президенттик лицейине  кабыл алуу үчүн конкурстук тандоо жүргүзүлөт.

“АКЫЛМАН” ПРЕЗИДЕНТТИК ЛИЦЕЙГЕ КОНКУРСТУК ТАНДОО ЖҮРГҮЗҮЛӨТ

 

Маалыматка таянсак, конкурстук тандоо лицейдин администрациясы тарабынан төмөнкү графикке ылайык өткөрүлөт:

— 2024-жылдын 20-апрелинен баштап 30-апрелге чейин.

exam.edu.kg сайты аркылуу каттоо өз алдынча өткөрүлөт. Кошумча маалыматтар “Акылман” Кабыл алуу-2024” телеграм каналы жана @akylman.presidential_school аттуу расмий инстаграм баракчасы аркылуу жарыяланат.

— 1-этап: 2024-жылдын 4-, 5-, 6-майында — алдын ала онлайн тестирлөө;

— 2-этап: 2024-жылдын 10-майында — 1-этаптын жыйынтыгы боюнча эң жогорку балл алган 2000 (эки миң) талапкерлер үчүн exam.edu.kg сайты аркылуу онлайн тестирлөө;

— 3-этап: 2024-жылдын 14-майынан 20-майына чейин 2-этаптын жыйынтыгы боюнча эң жогорку балл алган 700 (жети жүз) талапкерлер үчүн оффлайн тестирлөө:

  • Баткен облусундагы талапкерлер үчүн 2024-жылдын 14-майында Кызыл-Кыя шаарында, саат 14:00дө.
  • Ош облусунундагы жана Ош шаарынындагы талапкерлер үчүн 2024- жылдын 15-майында Ош шаарында, саат 14:00дө.
  • Жалал-Абад облусунундагы талапкерлер үчүн 2024-жылдын 16-майында Жалал-Абад шаарында, саат 14:00дө.
  • Чүй облусундагы жана Бишкек шаарындагы талапкерлер үчүн 2024- жылдын 17-майында Бишкек шаарында, саат 14:00дө.
  • Талас облусундагы талапкерлер үчүн 2024-жылдын 18-майында Талас шаарында, саат 14:00дө.
  • Нарын облусундагы талапкерлер үчүн 2024-жылдын 19-майында Нарын шаарында, саат 14:00дө.
  • Ысык-Көл облусундагы талапкерлер үчүн 2024-жылдын 20-майында Каракол шаарында, саат 14:00дө өтөт.

Тестирлөө аталган шаарлардын кайсы мектептеринде өтө тургандыгы жөнүндө лицейдин инстаграм жана телеграм баракчаларынан кошумча кабарланат.

Конкурстук тандоого төмөнкү талаптарга жооп берген талапкерлер катыша алат:

— Кыргыз Республикасынын жараны;

— жеке менчигине жана тибине карабастан Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмунда “жакшы” жана “эң жакшы” баада 6-класста окуган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн, жарды үй-бүлөлөрдүн балдары, тоголок/жарым жетим балдар.

Ошого байланыштуу министрлик төмөнкүлөрдү аткарууну тапшырат:

— 2024-жылдын 19-апрелине чейин:

1) Белгиленген талаптарга туура келген балдардын тизмесин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине СЭД аркылуу жиберүү;

— 2024-жылдын 10-майга чейин:

1) 1-этаптын жыйынтыгы боюнча эң жогорку балл алган талапкерлердин төмөнкү документтерин скан түрүндө ”Акылман” президенттик лицейинин [email protected] электрондук почтасына жөнөтүү зарыл:

— балдар окуган жалпы билим берүү уюмунун мөөрү жана жетекчинин колу менен күбөлүндүрүлгөн талапкердин “жакшы” же “эң жакшы” (ударник же отличник) окугандыгы жөнүндө табелин:

— аз камсыз болгон үй-бүлө, жарды үй-бүлө же тоголок/жарым жетим бала экендигин тастыктаган маалымкаттар/документтерин;

— аз камсыз болгон үй-бүлөнүн электрондук социалдык паспорту же ата-энеси каза болгондугу тууралуу күбөлүгүн;

— балдардын мыйзамдуу өкүлү деп аныкталган соттун чечиминин көчүрмөсүн.

2) Конкурстук тандоонун 3-этабында графикке ылайык жеринде тестирлөө өткөрүү үчүн мектептерди аныктоо, 5 бөлмө жана 3 ыктыярчылар менен камсыздоо;

3) Конкурстук тандоонун тартиби жөнүндө ата-энелер/мыйзамдуу өкүлдөрү арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

Эскертүү:

— белгиленген талаптарга дал келбеген, документтери жок же аларды толук жибербеген талапкерлер конкурстук тандоого катышуудан четтетилет;

3-этапка катышкан талапкерлер белгиленген документтердин түп нускасы алып келүүсү зарыл! Документтерди алып келбеген талапкерлер тестирлөөгө киргизилбейт!

— берилген маалыматтын аныктыгы, сапаты үчүн райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн, жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери жооп берет;

— аныкталбаган маалымат берген жетекчилерге карата чара көрүлөт.

Байланыш телефондор: 0555858008 (Эржан Мукулов), [email protected]

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер