«АКЫЛМАН» ПРЕЗИДЕНТИК ЛИЦЕЙИ: ЖУМУШЧУ ТОП УЮМДАШТЫРУУЧУ ДОКУМЕНТТЕРДИН ДОЛБООРЛОРУН ИШТЕП ЧЫКТЫ

  • 31.07.2023
  • 0

26-июлдан 29-июлга чейин Билим берүү жана илим министрлиги атайын түзүлгөн жумушчу топко “Акылман” президенттик лицейинин ишин жөнгө салуучу документтерди иштеп чыгууну уюштурду.

Алдынкы мектептердин өкүлдөрү жана билим берүү тармагындагы эксперттер Жобо, Устав, окуучуларды жана педагогикалык кызматкерлерди конкурстук тандоо жөнүндө нускама, окуучуларды баалоо жөнүндө Жобо, 2023-2024-окуу жылына карата Базистик окуу планынын долбоору, “Педагогикалык тажрыйбага сереп салуу” адаптациясы сыяктуу документтердин долбоорлорун иштеп чыгышты.

Мындан ары документтердин долбоорлорун экспертизалоо, талкуулоо жана жеткире иштеп чыгуу уюштурулат.

Бөлүшүү

Комментарийлер