«АКЫЛМАН» МЕКТЕП-ЛИЦЕЙИ БЫЙЫЛ АЧЫЛАТ

  • 13.04.2023
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигинде мектептеги жалпы билим берүү жана Президенттин алдындагы “Акылман” мектеп-лицейинин алдыдагы иштери тууралуу кеңешме болуп өттү.

"АКЫЛМАН" МЕКТЕП-ЛИЦЕЙИ БЫЙЫЛ АЧЫЛАТ

Жыйынга министрдин орун басары Надира Жусупбекова, министрликтин бир катар кызматкерлери, билим берүү тармагынын эксперттери катышты.

Мектептеги билим берүү жана китеп чыгаруу саясаты башкармалыгынын башчысы Кыялбек Акматов Президенттин алдындагы ачылып жаткан “Акылман” мектеп-лицейинин качан ачылары жана даярдыктары тууралуу маалымат берди.

  • Бүгүнкү күндө Президенттин алдындагы IT багытындагы “Акылман” мектеп-лицейи Чолпон Ата шаарында курулуп жатат. Азыркы учурда ал жакка окуучуларды кабыл алуу, мугалимдерди тандоо, директор дайындоо тууралуу жоболор иштелип, нормативдик документтер даярдалып жатат. Лицей STEAM жана IT багытында билим берген мектеп болот. Буюрса быйылкы окуу жылында ишке киргизүү пландалууда,- деди.

Аталган жыйында жалпы мектептеги билим берүү тармагы, STEM окутуу системасы, PISA эл аралык тестирлөө тууралуу да пикир алмашуулар болуп, сунуштар айтылды.

"АКЫЛМАН" МЕКТЕП-ЛИЦЕЙИ БЫЙЫЛ АЧЫЛАТ

Бөлүшүү

Комментарийлер