АКЫЛБЕК ЖАПАРОВ: ЖЫЛ АЯГЫНА ЧЕЙИН РЕСПУБЛИКА БОЮНЧА 85 ЖАҢЫ МЕКТЕП ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛЕТ

  • 20.10.2022
  • 0
Жыл аягына чейин республика боюнча 85 жаңы мектеп пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жалпы жыйынында сүйлөгөн сөзүндө билдирди.  
АКЫЛБЕК ЖАПАРОВ: ЖЫЛ АЯГЫНА ЧЕЙИН РЕСПУБЛИКА БОЮНЧА 85 ЖАҢЫ МЕКТЕП ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛЕТ
«Бүгүнкү күндө республика боюнча 1 млн 407 миң мектеп окуучусу бар. Билим берүү системасынын керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн жыл сайын 25ке жакын мектеп куруу зарыл. Учурда билим берүү тармагына тиешелүү 261 объектиде, анын ичинде 133 авариялык мектепте курулуш иштери жүрүп жатат. Жыл аягына чейин 85 жаңы мектеп пайдаланууга берилет», — деди ал.
Ошондой эле Министрлер Кабинетинин башчысы мындан ары аймактардын билим берүү мекемелерин курууга карай муктаждыктарын аныктоо жаатындагы саясатты түздөн-түз Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги ишке ашыра тургандыгын белгиледи.

«Бишкекте жалпы билим берүүчү мектептердин жетишсиздиги чоң көйгөй болгон. Кыргыз Республикасынын Президенти быйылкы жылдын күз айларына чейин 15 мектептин жана 1 бала бакчанын курулушун жыйынтыктоо тапшырмасын койгон. Бул максатта мамлекеттик бюджеттен – 2,5 млрд сом, шаардык бюджеттен – 450 млн сом, жалпысынан 3 млрд сом бөлүнгөн. Ырааты менен маселе чечилүүдө. Акыркы 10 жылда Бишкекте 9 гана мектеп курулса, быйыл 17 мектеп курулуп бүттү, анын 15и – республикалык жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен жана 2 мектеп донордук уюмдардын эсебинен курулду», — деп белгиледи Акылбек Жапаров.

АКЫЛБЕК ЖАПАРОВ: ЖЫЛ АЯГЫНА ЧЕЙИН РЕСПУБЛИКА БОЮНЧА 85 ЖАҢЫ МЕКТЕП ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛЕТ
Бөлүшүү

Комментарийлер