АКЫЛБЕК ЖАПАРОВ “САНАРИП МЕКТЕП” ФОРУМУНА КАТЫШТЫ

  • 17.05.2023
  • 0

Бүгүн, 17-майда Бишкек шаарында Билим берүү жана илим министрлигинин «Санарип мектеп» санариптик технологияларды колдонуу менен окутуунун заманбап жана натыйжалуу билим берүү системасын түзүү» аталышындагы Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун мектеп директорлорунун форуму өттү.

АКЫЛБЕК ЖАПАРОВ “САНАРИП МЕКТЕП” ФОРУМУНА КАТЫШТЫ

 Форумга Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев, Эл аралык өнөктөштөр, “Mozaik Education” венгер компаниясынын директору Петер Торок, Министрликтин ведомстволук мекемелеринин өкүлдөрү катышты.

Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров дүйнө маалыматтык технологиялардын жетишкендиктеринин аркасында өтө тездик менен өнүгүп жатканын айтып, IT секторунун өсүшү өлкө үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатканын белгиледи.

 “Эгерде биздин мугалимдер азыркы доордун мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу менен жаңы горизонтторду таппаса, изденбесе, анда биздин балдар 25 жылдык мурдагы билим менен артта калат. Биз балдарыбызды 25 жылдан кийин өзү жашай турган доордун талаптарына окутушубуз керек. Глобалдык чакырыктардын шартында мугалимдердин квалификациясын туура жогорулатуу зарыл. Кийинки он жылдыкта ондогон млн жумуш орундары адамдардын тийиштүү же керектүү жөндөмдөрүнүн жоктугунан бош калат. Бул дүйнө жүзү боюнча билим берүү тутумунда революцияны жана билим берүү көндүмдөрүн концепциясын кайрадан карап чыгууну талап кылат”, — деди Акылбек Жапаров.

Акылбек Жапаров учурда сабатсыздык жана компетенттүүлүк түшүнүгү  түп-тамырынан өзгөргөндүгүн, азыркы сабатсыз адам – жасалма интеллект технологиясы менен жашай албаган жана өз ара аракеттене албаган адам болот деген пикирин билдирди.

Бөлүшүү

Комментарийлер