АКЫЛБЕК ЖАПАРОВ: «МЕКТЕП ТОЛУГУ МЕНЕН ӨЗГӨРҮҮCҮ КЕРЕК»
- 14.11.2024
- 0
Бүгүнкү күндөгү эң маанилүү милдет – мугалимдерди ойготуу, мотивация берүү. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңеште берип жаткан отчетунда билдирди.
— Мектеп ар бир балага билим берген жай. Мугалимдерди кайрадан ишке кызыктырып, шыктандырабыз. Ал үчүн күчүбүздү да, каражатты да аябайбыз. Дагы бир жолу айтып коёюн, мектеп артта калгандар, жалкоолор үчүн жумуш берчү жер эмес. Беш жылда бир эки жумалык квалификацияны жогорулатуу курсунан өтүп коюу артта калды. Мындан ары мугалимдер күн сайын эки сааттан кем эмес өз билимдерин тереңдетиш үчүн ар бирине ноутбук берилет. Келерки жылдын 1-февралында 27 миң ноутбук таркатылат, кийин аны 70 миңге жеткиребиз, — деди төрага.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Бөлүшүү
Комментарийлер