Акылбек Жапаров КМТУнун СТУДЕНТТЕРИНЕ ЖАНА ЭМГЕК ЖАМААТЫНА ЛЕКЦИЯ ОКУДУ
- 03.10.2024
- 0
Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров, Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин 70 жылдык мааракесине арналган конок лекциясын өттү. Лекцияга окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү, мугалимдер жана 1000 ге жакын студент онлайн, офлайн форматта катышты.
Сөзүнүн башында МинКаб башчысы окутуучулар жамаатын жана студенттерди окуу жайдын 70 жылдык мааракеси менен куттуктап, өзү ушул окуу жайда 40 жыл мурда окуганын айтып берди. Акылбек Жапаров лекциясында Кыргызстандын келечеги, анын ичинде экономикалык жылыштар туурасында ой калчоолору менен бөлүштү.
«Бүгүн Кыргызстандын экономикасы өнүгүүгө карай багыт алды. Биз 2030-2050-жылга карата пландарды, максаттарды белгиледик. Айтматовдун кылым карыткан бир күн дегениндей, Акыркы 3 жылыбыз 30 жылга татыган жыл болду. Биздин өлкөнүн төмөн карай кеткен учуру 30 жылга узарып кетти. Биз мындан ары өйдөлөөнүн гана сызыгында болобуз»-деген Акылбек Жапаров, ири долбоорлор саналган Камбар-Ата 1 ГЭСин, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курулушу Борбордук Азияда «барс секиригин» жасоого көмөк болоорун белгиледи.
Лекциянын жүрүшүндө МинКаб башчысы студенттерге өзүнчө кайрылып, кеңештери менен бөлүштү. Ошондой эле, окуу жайдын корпусун кыдырып, заманбап лабораториялар менен таанышып чыкты.
Белгилей кетсек “Кыргызстандагы Лу Бань кесипканасы” долбоорунун алкагында, наркы 1,1 млн долларга Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде 14 заманбап лаборатория, эки “акылдуу класс” жана конференция залдары жасалууда.
Комментарийлер