Акылбек ЖАПАРОВ: БИЛИМ БЕРҮҮ — МАМЛЕКЕТТИН БҮГҮНКҮСҮ ДА, КЕЛЕЧЕГИ ДА КУРУЛГАН ПАЙДУБАЛ

  • 03.09.2024
  • 0

Россия Федерациясынын “Евразия” автономдуу коммерциялык эмес уюму 50 мектеп автобусун белекке тартуулады. Баш калаабыздагы Т. Усубалиев атындагы аянтта өткөн мектеп автобустарынын ачкычын тапшыруу салтанатына КР Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты.

Акылбек ЖАПАРОВ: БИЛИМ БЕРҮҮ - МАМЛЕКЕТТИН БҮГҮНКҮСҮ ДА, КЕЛЕЧЕГИ ДА КУРУЛГАН ПАЙДУБАЛ

Акылбек Жапаров салтанаттын катышуучуларын эң оболу Билим күнү менен куттуктап, өнөктөштөр берген окуучулардын 50 автобусу жана билим берүү тармагын өнүктүрүүгө бөлгөн 1 млрд сом каржылык колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

— Кыргызстан менен Россиянын ортосунда эчактан бери бекем өнөктөштүк бар жана биз россиялык кесиптештерибиздин өлкөбүздүн билим берүү тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымын жогору баалайбыз. Бул билим берүү тармагында гана эмес. Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун ийгиликтүү иштери, биргелешкен долбоорлор, тажрыйба алмашуулар, колдоолор жана кызматташуулардын баары биздин байланыштарды бекемдеп, алдыга илгерилөөгө өбөлгө түзөт, — деди Акылбек Жапаров.

Акылбек ЖАПАРОВ: БИЛИМ БЕРҮҮ - МАМЛЕКЕТТИН БҮГҮНКҮСҮ ДА, КЕЛЕЧЕГИ ДА КУРУЛГАН ПАЙДУБАЛ

Министрлер Кабинетинин башчысы өз сөзүндө билим берүү мамлекеттин бүгүнкүсү да, келечеги да курулган пайдубал экенин баса белгилеп, мамлекет билим берүү тармагын реформалоо, анын бардык звенолорун жаңылоо, айрыкча,  материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча көрүлгөн чараларга кеңири токтолуп өттү. Эгерде 2010-жылы мамлекет тарабынан 15 мектеп курулса, 2023-жылы 105 мектеп курулган.

— 2024-жылы биринчи жолу бюджеттен каржылануучу курулуш жана капиталдык оңдоо объектилеринин тизмесине дээрлик 1,5 млрд сомдук 431 билим берүү объектиси кирди. Бул объектилердин саны 2022-жылга караганда эки эсе көп. Эгемендүүлүк алганга чейинки курулуштун көлөмүнө биринчи жолу жеттик. Ошондой эле республикадагы мектептердин учурдагы ремонтуна биринчи жолу дээрлик 400 миллион сом бөлүнгөн, бул өткөн жылдарга салыштырмалуу төрт эсеге көп. Жалпысынан 15 жылдын ичинде билим берүүгө бөлүнгөн бюджет жылына 12 миллиард сомдон 65 миллиард сомго чейин өстү, бул ички дүң продукциянын 5,2%ын түзөт, — деди ал.

Акылбек ЖАПАРОВ: БИЛИМ БЕРҮҮ - МАМЛЕКЕТТИН БҮГҮНКҮСҮ ДА, КЕЛЕЧЕГИ ДА КУРУЛГАН ПАЙДУБАЛ

Акылбек Жапаров ийгиликтер менен катар алдыда чече турган маселелерди, айрыкча, алыскы аймактарга мектеп куруу менен эле чечилбей турган көйгөйлөрдү белгиледи. Жетүү кыйынчылыктар менен коштолгон айылдардагы чакан мектептерге жогорку квалификациялуу мугалимдерди тартуу мүмкүн эмес. Ал өз сөзүндө мектеп автобустарын уюштуруу жолу менен балдарга татыктуу билим берүү варианты башка көп өлкөлөрдө колдонулуп келгендиктен, биз да ошол жолго багыт алганыбызды, мектептердин материалдык-техникалык бөлүгүнө колдоо көрсөтүү сыяктуу мына ушундай демилгелер сапаттуу билим алууга жол ачарын белгиледи.

— Улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун осуяты боюнча мектеп тек гана билим берүүчү жай эмес, мектеп – таланттуу окуучулар менен таланттуу мугалимдердин жолугушуучу жери. Андыктан ошол жолугушууну уюштуруу үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз. Россиянын ММУ, Бауман атындагы ММТУ жана башка алдыңкы жогорку окуу жайларынан билим алган бүтүрүүчүлөрүбүз аз эмес, алардын көбү борбор шаардагы мектептерде окугандар болгон. Эми мына ушундай мектеп транспортун уюштургандан кийин алыскы Колмогоры айылынан келип, Бүткүл Европа окумуштуулары менен теңтайлашкан Ломоносов сыяктуу биздин да алыскы айылдардан таланттуу окумуштуу жаштар тарбияланып чыгарынан үмүтүбүз чоң, — деди А.Жапаров.

Акылбек ЖАПАРОВ: БИЛИМ БЕРҮҮ - МАМЛЕКЕТТИН БҮГҮНКҮСҮ ДА, КЕЛЕЧЕГИ ДА КУРУЛГАН ПАЙДУБАЛ

Салтанатта Россия Федерациясынын Мамлекеттик думасынын төрагасынын орун басары Борис Чернышов, Россия Федерациясынын Мамлекеттик думасынын депутаты, “Евразия” АКУ кеңешинин төрайымы Алена Аршинова куттуктоо сөздөрүн айткан соң, билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаевага автобустардын ачкычтарын тапшырды.

Акылбек ЖАПАРОВ: БИЛИМ БЕРҮҮ - МАМЛЕКЕТТИН БҮГҮНКҮСҮ ДА, КЕЛЕЧЕГИ ДА КУРУЛГАН ПАЙДУБАЛ

Иш-чаранын катышуучулары жана коноктору жаңы мектеп автобустарын карап чыккандан кийин министр айым журналисттердин суроолоруна жооп берди.

— Абдан кубанычта болуп турабыз. Анткени Кыргызстанда 90го жакын чакан айылдардан окуучуларды коңшу айылдардагы чоң мектептерге ташып окутушат. Алар — жаңы уюшулган айылдар жана тоо койнундагы чакан мектептер. Ал жактарга сааты жетишпегендиктен мугалимдер да барбайт. Биздин балдар үчүн коопсуз, бардык шарттары эске алынган чакан автобустардын келиши – “Евразиянын” бизге тартуулаган чоң белеги. Учурда ар бир мектептин тизмеси, муктаждыктары такталып жатат. Бул автобустар негизинен аймактарга бөлүнөт, анын ичинде Бишкекте да калат. Биринчи кезекте окуучулары башка мектептерге барып окуган айылдардын маселеси каралат. Мисалы, Учкун жаңы конушундагы мектеп үч ай изилдөөдөн өткөн соң авариялык абалда экендиги аныкталып, бүгүнкү күндө капиталдык ремонт жүрүп жатат, андагы окуучуларды эки мектепке ташуу маселеси турат. Мындай мектептер Кыргызстандын ар бир аймагында бар. Андыктан биз ушул жумадан баштап айыл өкмөттөрүнүн жетекчилери менен байланышып, абалын изилдеп чыгабыз да, чамасы чак аймактардын муктаждыктарын биринчи кезекте эске алабыз, — деди Догдуркүл Шаршеевна.

Автобустардын айдоочуларынын айлык маяналары кандай чечилерине кызыккан журналисттерге министр айым бул маселе тууралуу Акылбек Үсөнбекович менен да сүйлөшүлгөнүн, айыл өкмөт башчылары менен кеңешип, жергиликтүү же республикалык бюджеттин эсебинен чечилерин билдирди.

Акылбек ЖАПАРОВ: БИЛИМ БЕРҮҮ - МАМЛЕКЕТТИН БҮГҮНКҮСҮ ДА, КЕЛЕЧЕГИ ДА КУРУЛГАН ПАЙДУБАЛ

Догдуркүл Кендирбаева бул автобустар чек эмес экендигин, кийинки этабында да автобустар берилиши мүмкүн экендигин жана алдыда келе турган автобустар «Балажан», «Сейтек» сыяктуу балдарды өнүктүрүү борборлоруна өткөрүлүп берилерин кошумчалады. Ал автобустардан тышкары өнөктөштөр көрсөткөн 1 млрд сом өлчөмүндөгү финансылык жардам 40 жыл мурда курулган борбордогу № 27 мектепти терең капиталдык ремонттон өткөрүүгө жумшаларын, ал каражат ошондой эле СТЕАМ лабораторияларын жабдууга, жетишсиз болуп жаткан орус тили жана адабияты мугалимдерин аймактардагы жогорку окуу жайларда даярдоого бөлүнөрүн билдирди.

«Евразия» автономдуу бейөкмөт уюму менен түзүлгөн кызматташуу келишиминин алкагында эки тарап салттуу баалуулуктарды сактоого жана бекемдөөгө багытталган долбоорлорду ишке ашырууну көздөйт. Тараптар маданий жана гуманитардык чөйрөдө, анын ичинде улуттук каада-салт, тил, саламаттык сактоо, илим, билим берүү, маалымат жана массалык коммуникациялар, спорт, туризм, жаштар менен иштөө боюнча маселелерде биргелешкен долбоорлорду ишке ашырмакчы.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер