“АКЫЛ КЕНЧТИН” ДҮКӨНҮ

  • 21.11.2017
  • 0

     Мына эки жылдан бери кут конгон Кызыл-Кыя шаарында  ачылган «Акыл кенч» китеп дүкөнү элди кеңири тейлөө милдетин аткарып келүүдө. Китеп дүкөндөр башка жерлерде  да жок эмес. Бирок бул саамалыкты  өзгөчө мээнет катары  белгилеп кетүү парз.  Айта кетсек, бул китеп дүкөнү  китеп сүйүүчүлөргө  гана эмес,   жогорку окуу жайларынын, кесиптик билим берүү окуу жайларынын, мектеп жана  бала бакчаларынын окуучулары жана окутуучулары, дегеле шаардын жашоочулары үчүн өтө пайдалуу  болду десек жанылбайбыз.  

“АКЫЛ КЕНЧТИН” ДҮКӨНҮ

   2016-жылдын 19августунда «Акыл кенч» китеп дүкөнүнүн ачылыш аземи шаардын мэри Эрмекбай Топчубаев тарабынан колдоого алынып, шаардык кеңештин төрайымы Дарипова Уулбу, маданият бөлүмүнүн башчысы Кулматова Талила, шаардык кеңештин депутаттары, шаардын тургундары, мугалимдер, жакынкы Кадамжай жана Ноокат райондорунун   китепкана кызматкерлеринин  катышуусунда  өткөрүлдү.

Шаарда жогорку окуу жайларда, мектептерде  бир топ китепканалардын бар болгону менен, көпчүлүк  жарандар  бул жерге кайрылып, керектүү китептерин  сатып  алуу гана эмес, атайын жабдылган  окуу залында китеп, газет-журналдарды окуу менен алектенишет. Башкача айтканда «Акыл кенч» китеп дүкөнү  өрнөктүү иши  менен элди  өзүнө тартып, өзүнчө маалымат борборуна айланып келүүдө. Ал үчүн дүкөндүн  бөлмөсүндө  таза, жылуу,  шарттар түзүлгөн. Дүкөндүн фонду окуу китептер, балдар үчүн кызыктуу болгон ар түрдүү чыгармалар, залкар жазуучулардын китептери, көркөм- адабий, философиялык, ден-соолук тууралуу, усулдук жана  исламий китептер менен толукталып  турат. Башка жерде табылбаган китепти  ушул жерде тапса  болот. Дүкөндүн ээси төрт жыл катар өзүнүн  топтогон  1,5 млн. сом акча  каражатын жумшап ,жер тилкесин мыйзамдаштырып, дүкөндүн имаратын кураштырып, китеп менен камсыздап аракеттенип келген. Китеп дүкөнүнүн байланыштары тереңдеп, борбор каладагы басмаканалар, китеп дүкөндөрү,базарлары менен  тыгыз иштеп келүүдө.

Мындай саамалыкка жакындан жардам берген «Кыргыз китептин» директору Талант Ормошовго, ар тараптуу колдоо көрсөткөн Кызыл-Кыя шаарынын мэри Эрмекбай Топчубаевге, маданият бөлүмүнүн башчысы Кулматова Талилага жана №70 кесиптик лицейинин директору Кушбеков Азим агайларга Пазлет эжеке  ийменип ыраазычылыгын билдирет. «Келечекте менин дүкөнүм маалымат борборуна айланып, чыйыр таптай баштаган окурмандарымдын жүрөгүнөн орун тапса, жомоктордун беишине айланса деген  ак тилегим бар»,- дейт Пазлет эжеке.

Пазлет эжекенин китеп дүкөнүнүн туруктуу каттоочуларынын пикирин уксак:

«Китеп-билим булагы эмеспи. Мен китеп сүйүучүлөрдү урматтаймын. Анткени, адам баласынын жан дүйнөсү, дүйнө тануусу ошону менен коштолот, ага жан берүү жана таасир керек.Мындай зор эмгекти жаратуу ар кимге насип эте бербейт. Биз Пазлет эжекенин эмгегине таазим этебиз, анын эмгеги  бардыгына үлгү»-дейт сыймыктануу менен Кызыл-Кыя Тоо -техникалык колледжинин директорунун орун  басары К.Ураимов.

«Китеп биздин доордун күзгүсү, Ал каары-жаштын баардыгына бирдей кереги тийет. Адамды жана өзүн -өзү урматтоого үйрөтөт. Ыймандуулук — китепти урматтоодон башталат», — дейт БатМУнун Кызыл-Кыя гуманитардык педагогикалык окуу жайынын  окутуучусу Гүлжамал Үсөнова.

Бир мезгилде Ноокат жергесинде  китепканада  иштеп кызмат өтөгөн, китеп дүкөнүнүн ээси Топчубаева Пазилет Араповна көп жылдык тилеги орундалганына кубанып, өз кесибин сүйгөндүктөн, келечекте дүкөндүн имаратын кеңейтип, компьютердик техника менен камсыздап, маалымат борборуна айландырууга   пландаштырууда.

Жокту бар кылган «Акыл кенч» дүкөнүнүн жетекчиси, мээнеткеч, даанышман айым Пазилет Топчубаевага терең ыраазычылык билдирүү менен, мындан аркы иштерине ийгилик, оомат каалап,  китеп дүкөнүн заманбап маалымат борборуна айландыруусуна    тилектештигибизди   билдиребиз.

Н. Исманова

Бөлүшүү

Комментарийлер