АКСЫНЫН ТОРУК АЙЫЛЫНЫН ЭЛИ ЖАҢЫ БАЛА БАКЧАЛУУ БОЛДУ

  • 14.09.2020
  • 0

Чек арага чектеш статусу бар Торук айылындагы бала бакча  республикалык бюджеттин эсебинен салынды. Курулуш иштери 100% аяктады. 2020-жылдын 20-сентябрында колдонууга берилет. Учурда эмеректерди жайгаштыруу иштери жүрүп жатат. Премьер-министр Кубатбек Боронов Жалал-Абадга болгон  иш сапарында бул бала бакчанын дагы курулуш иши менен таанышты. 

АКСЫНЫН ТОРУК АЙЫЛЫНЫН ЭЛИ ЖАҢЫ БАЛА БАКЧАЛУУ БОЛДУ

«Өкмөт мектеп жашына чейинки балдардын бакчага баруусун камсыз кылуу максатында жаңы имараттарды куруу, башка тармактарга пайдаланууга берилип кеткендерин кайтарып алуу жана эскилиги жеткендерин оңдоп-түздөө боюнча жигердүү иштеп жатат. Муну менен катар мектепке чейинки билим берүүнүн ар түрдүү программалары иштелип чыкты. Ошол заман талабына шайкеш келген программа алыскы аймактардагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарына дагы жеткиликтүү болуш керек», — деди Кубатбек Боронов.

АКСЫНЫН ТОРУК АЙЫЛЫНЫН ЭЛИ ЖАҢЫ БАЛА БАКЧАЛУУ БОЛДУ

Белгилей кетсек, 1800 адам жашаган Торук айылында буга чейин бала бакча болгон эмес. Бирок жергиликтүү бийлик чоң үйдү ижарага алып, 50 бала үчүн бакча уюштурган. Ал эми курулуш иши аяктаган мектепке чейинки билим берүү жайынын 75 баланы кабыл алууга мүмкүнчүлүгү бар. 16 кызматкер иштейт.

Бөлүшүү

Комментарийлер