АКСЫДАГЫ МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ МАЙРАМЫ
- 22.09.2023
- 0
Аксы районундагы Надыр Мамбетов атындагы №6 жалпы орто билим берүүчү мектепте мамлекеттик тилибиздин 34 жылдыгына карата таасирдүү иш-чаралар өткөрүлдү.
Окуучулар даярдаган адабий-музыкалык кече көрүүчүлөрдү кайдыгер калтырган жок. «Кыргыз тилиндеги көөнө сөздөр жана алардын бүгүнкү күндөгү мааниси» деген тегерек үстөл кызуу талкуу менен өттү. Тилибиздин улуулугун даңазалаган үгүт барактары көрүнөө жерлерге илинди.
Тарбиялык сааттар өтүлүп, окуучуларды атуулдукка тарбиялоого өзгөчө маани берилди. Кыргыз тили жана адабияты мугалимдеринин бирдиктүү аракети көптөгөн жакшы саамалыктардын жаралышына себепкер болууда. Мындай жакшы иштерди жүзөгө ашырууда башталгыч класстардын мугалимдери да четте калган жок.
Узен АТАХАНОВ, Аксы району
Бөлүшүү
Комментарийлер