АКСЫДАГЫ «КӨҢҮЛДҮҮ СТАРТ» ЭСТАФЕТАСЫ

  • 03.05.2021
  • 0

Президенттин 2021- жылдын 29- январындагы «Инсандын руханий адеп-ахлак өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү» жарлыгынын алкагында райондогу М.Токтоболотов атындагы Балдар билим берүү борборунда «Көңүлдүү старт» эстафетасы өткөрүлдү.

АКСЫДАГЫ "КӨҢҮЛДҮҮ СТАРТ" ЭСТАФЕТАСЫ

Иш-чарага жогоруда аталган борбордун «Сөз өстүрүү» ийриминин тарбиялануучулары жана ата- энелери катышты.

АКСЫДАГЫ "КӨҢҮЛДҮҮ СТАРТ" ЭСТАФЕТАСЫ

Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Талант Эмилбек уулу кызыктуу эстафетага катышып, ушундай иш-чаралар көп-көптөн өткөрүлсө, ата-энелер менен билим берүү уюмдарынын ортосунда алака мындан да курчуй турганын калыс белгиледи.

АКСЫДАГЫ "КӨҢҮЛДҮҮ СТАРТ" ЭСТАФЕТАСЫ

Ал катышуучулардын коопсуздугун сактап өткөрүүгө көмөк көрсөткөндүгү үчүн Аксы райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине, ошондой эле Билим берүү борборунун директору Гүлзат Бекболотова жетектеген жааматка иш-чараны мыкты уюштургандыгы үчүн терең ыраазычылык билдирди.

Мырзаканова Махабат

Бөлүшүү

Комментарийлер